Украин президентинин кеңсесинин жетекчиси Андрей Ермак бейшемби күнү социалдык тармактарда билдиргендей, Украина жана АКШ делегациялары ушул жуманын аягында Женевада америкалык тынчтык планын талкуулоону улантат.
“Иш өндүрүмдүүлүгүн жоготпоо жана ыкчам иштөө маанилүү”, - деп баса белгиледи Ермак.
Анын айтымында, Киевдин өнөктөштөр менен башкы максаты - Украина үчүн мүмкүн болушунча тез арада узак мөөнөттүү жана татыктуу тынчтыкка жетишүү. Ошол эле учурда Андрей Ермак америкалыктарга “тынымсыз иши үчүн” ыраазычылык билдирди.
Украина президенти Владимир Зеленский бейшембидеги кечки кайрылуусунда АКШ менен байланыш уланып жатканын белгиледи.
“Учурда биздин позицияларды коргоо да, фронттогу каршылык да, өнөктөштөр менен бирге эң ылайыктуу дипломатиялык мүмкүнчүлүктөрдү кароо да бирдей маанилүү. Биздин команда америкалык өкүлдөр менен бул апта соңунда Женевадагы жыйынтыктардын негизинде позицияларды бекемдөөнү улантат”, - деди Зеленский.
23-ноябрда Женевада АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясынын тынчтык демилгеси боюнча алгачкы сүйлөшүүлөр өткөн. Бул сунуштар расмий түрдө эч жерге жарыяланган эмес. Маалыматка караганда, талкуунун жыйынтыгында долбоор Киев үчүн кабыл алууга ылайыкташкан.
Киев жана анын өнөктөштөрү буга чейин тынчтык планынын медиага жарыяланган айрым талаптарына тынчсыздануусун билдирген. Сөз айрым аймактарды Орусияга берүү, украин куралдуу күчтөрүнүн санын азайтуу жана Киевди НАТОго кошулуудан баш тарттыруу жөнүндө болууда.
Украин делегациясын баштаган Андрей Ермак президент Зеленский Ак үйдүн жетекчилиги менен жолугушууга даяр экенин жана бул сүйлөшүү 27-ноябрда өтүшү ыктымалдыгын билдирген. Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Ливитт Ермактын билдирүүсүнө чейин президент Трамп согушту аяктоо боюнча келишимге жетүүгө умтуларын айткан. Бирок бул жумада анын Владимир Зеленский менен жолугушуусу пландаштырылбаганын да белгилеген.