Лукашенко кыргыз бийлиги менен Бакиев тууралуу сүйлөшөбү?
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко 2010-жылдагы Апрель ыңкылабында бийликтен кулатылган мурдагы президент Курманбек Бакиев тууралуу Кыргызстандын бийлиги менен сүйлөшөрүн айтты. Бишкекте ЖККУга мүчө мамлекет башчылардын саммитинде 15 документке кол коюлду. Уюмга төрагалык кылуу Кыргызстандан Орусияга өтүп, анын баш катчысы кызматына Таалатбек Масадыков дайындалды. Вашингтондо ок атып, эки жоокерди жарадар кылган кишинин теги ооганстандык экени айтылды. Трамп миграциялык саясатты кайра карап чыгууга чакырды.