Лукашенко Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп бербей турганын айтты

Александр Лукашенко жана Курманбек Бакиев. Минск. 2019-жыл.

Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко 27-ноябрда Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) саммитинен кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Беларус мурдагы президент Курманбек Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп бербей турганын айтты.

“Бакиев жакшы жашап жатат. Биз аны силерге коё бербейбиз. Мен ага “эч жакка чыкпай Беларуста эле жашай бер” деп айттым. Жакшы жашап жатат. Кээде ал мени чакырганда конокко барып турам. Ошондуктан биз аны бербейбиз. Ал мага “жок дегенде атамдын мүрзөсүнө барып келсем” деп айтат. Кыргыздар өзүнүн президентине атасынын мүрзөсүнө баруусуна мүмкүнчүлүк бербегени акылга сыйбаган нерсе. Бул маселени азыркы өлкө жетекчилиги менен чечебиз деп ойлойм”, - деди ал.

Курманбек Бакиев президенттик бийликке 2005-жылкы 24-март ыңкылабынан кийин келип, 2010-жылдын 7-апрелиндеги 90го жакын адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодо бийликтен кулатылган жана үй-бүлөсү менен Беларуска качып кеткен.

Апрель окуяларына байланыштуу сотто Бакиев баштаган 28 адамга айып тагылган. Мурдагы президент менен анын тун уулу Марат 30 жылга, анын кенже уулу Максим жана бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиев өмүрүнүн акырына чейин сыртынан соттолгон. Курманбек Бакиевдин тушундагы өкмөт башчы Данияр Үсөновго 15 жылга эркинен ажыратуу тууралуу сырттан өкүм чыккан.

Бакиев ошондон берки бардык маектеринде дооматтарды четке кагып, тагылган айыптарды мойнуна албай келет.

Быйыл апрель айында Кыргызстандын Конституциялык соту 2010-жылы бийликтен кулатылган Курманбек Бакиевдин адвокаты Икрамидин Айткуловдун өтүнүчүн канааттандырган. Анда сот кылмыш иши үчүн сыртынан соттолгон адам өз каалоосу менен же күч органдарынын аракетинин натыйжасында Кыргызстандын аймагына келгенден кийин соттук иши өзүнүн катышуусунда кайра каралышына реалдуу мүмкүнчүлүк алууга тийиш экени жазылган.

Бул чечим Бакиев Кыргызстанга келет деген сөздөрдү кайра жандандырган. Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев мурдагы президент келсе камаларын эскерткен.

Президент Садыр Жапаров буга чейин Бакиевди Кыргызстанга кайтаруу тууралуу сүйлөшүү жүрүп жатканын, Беларус бийлиги эгер ал камалбаса өткөрүлүп берилерин билдирген.

Дагы караңыз

Гонконгдогу өрттүн курмандыктары 55ке жетти, жүздөгөн киши дайынсыз Тажик-ооган чек арасындагы кол салууда Кытайдын үч жараны набыт болду Ташиев Чүйдө Абдыкеримовдун 100 млрд сомдон ашык мүлкү мамлекетке алынганын айттыКамакка алынган мурдагы үч судьянын бири ооруканага түштүБШК эки талапкерди жоопкерчиликке тартууга макулдук берди