Кумарбек Абдыровдун мурдагы ишин караган экс-судьялар бир айга камалды

Кайсын Абакиров, Жаңыл Мамбеталы жана Сания Бранчаева. Коллаж.

17 жаштагы окуучу кыз Айсулуу Мукашеваны өлтүрүүгө шек саналып жаткан Кумарбек Абдыровдун мурдагы ишин караган үч экс-судья, прокурор (Д.М.) жана шектүүнүн мурдагы адвокаты (С.Ж.) 20-декабрга чейин камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 25-ноябрда чыгарганын райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” жана “Сот адилеттигине жатпаган өкүмдү же башка соттук актыны чыгаруу” беренелери менен айып коюлууда.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 25-ноябрда мурдагы судьялар Кайсын Абакировду, Жаңыл Мамбеталыны жана Сания Бранчаеваны кармаган.

Министрликтин маалыматына караганда, Кумарбек Абдыров 2015-жылы 21 жаштагы кызды өлтүрүүгө аракет кылган деген шек менен кармалып, Бишкектин Октябрь райондук соту аны 12 жылга эркинен ажыраткан. 2016-жылы экинчи инстанция - Бишкек шаардык сотунун ошол кездеги судьялары Кайсын Абакиров, Жаңыл Мамбеталы жана Сания Бранчаева Жазык-процессуалдык кодексти бузуп, жаза мөөнөтүн жеңилдеткен деген кине коюлду. Жыйынтыгында, Кумарбек Абдыров үч жылдан кийин абактан чыккан.

ИИМ экс-судьялар шектүүнүн жазасын жеңилдетүүдө анын жакындарынан акча алган жана ага прокурор менен адвокат ортомчу болгон деп эсептейт.

Мурдагы судьялар коюлуп жаткан айыпты четке кагып, 2016-жылы чыккан өкүмгө бир да тарап каршы болуп кийинки инстанцияга кайрылбаганын, ишти кароодо жабырлануучу тосмо арыз жазып бергенин айтышкан.

17 жаштагы Айсулуу Мукашева 27-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Каракол шаарына курбусунукуна кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Ички иштер министрлигинин маалыматында, аны Барскоон айылында 41 жаштагы Кумарбек Абдыров Honda Stream үлгүсүндөгү автоунаасына салып кетип, көл жээгиндеги алма бакта, андан кийин Жеңиш айылындагы атасынын үйүндө зордуктаган. Андан соң Тоң районунун Кажы-Сай айылынын сыртындагы көлмөнүн жанына алып барып мыкаачылык менен муунтуп өлтүргөн. Кийин кыздын сөөгүн Бишкекке баратып Боом капчыгайына ыргытып жиберген.

Милиция Кумарбек Абдыров бир нече жыл бою кыздарды зордуктап өлтүрүп жүргөнүн, жалпы 7 кылмыш боюнча шек саналып жатканын билдирген. Шектүү 2014-жылдын 16-мартында Бишкек шаарынын четиндеги Байтик айылынан сөөгү табылган Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө да тиешеси бар экенин айткан. Бул иш коомчулукта талкуу жаратып, саясатчылардын жана коомдук ишмерлердин да аты аталган. (BTo)

Дагы караңыз

Чүйдө талаадан чыккан өрттөн эки сарай, 1000 түк чөп күйүп кеттиГонконгдо бийик имараттарды каптаган өрттөн 40тан ашуун киши каза таптыСурдлимпиада: Кыргызстандын курама командасы алты медалга ээ болду Министр Кулубаев Путиндин сапарында мигранттар маселеси талкууланганын билдирдиЕрмак Зеленский Трамп менен "болушунча тезирээк" кезигүүгө даяр экенин билдирдиАмангелдиев Путиндин Бишкек сапарында тигүүчүлөрдүн маселеси да талкууланганын айттыЖапырт кармалгандар: Үч шектүүгө "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси менен айып коюлду