“Азаттыкка” айлыгын ала албай жатканын айтып арызданган Бишкектеги тигүү цехинде иштеген Бангладештин жарандарына айлык маянасы берилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы кабарлады.
Милициянын маалыматына ылайык, бул факты Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгында катталып, текшерүү жүргүзүлгөн. Окуяга тиешеси бар бардык адамдар милиция бөлүмүнө жеткирилип, жыйынтыгында тараптар өз ара түшүнүшүүгө келишкен.
“Азыркы тапта жаңжал толугу менен чечилип, баштапкы тергөөнүн жыйынтыгында тараптардын аракеттерине укуктук баа берилет. Чет өлкөлүк жарандарга байланышкан бардык фактылар жетекчиликтин көзөмөлүндө турат”, - деп айтылат маалыматта.
Бишкекте иштеп жүргөн Бангладештин жарандары кыргыз бийлигинен жардам сурап, “Азаттыкка” да кайрылган. 20дан ашык бангладештик соңку күндөрү убада кылынган айлыгын ала албай, цехтин ичинде ачка жашап жатышканын айтышкан. “Азаттык” аларды тартып, атайын материал даярдаган.
Иш берүүчү Улан Суеркулов чет элдиктердин айткандарын төгүндөп, мигранттар өздөрү иштебей жатканын айткан. Ал Кыргызстандагы тигүү тармагындагы олку-солку абалдан улам буюртмалар аз болуп, иш токтоп, жумушчулардын айлыгын убагында берүүгө тоскоолдук жаралып жатканын да кошумчалаган.
Кыргызстанда соңку жылдары Индиядан, Пакистандан, Бангладештен келген эмгек мигранттары көбөйдү. Алардын көпчүлүгү курулуш, тейлөө жана тигүү цехтеринде эмгектенет. (BTo)