ТАСС: Армения ЖККУнун Бишкек саммитине катышуудан баш тартты

Орусиялык ТАСС маалымат агенттиги Армения Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Бишкек саммитине катышпай турганын билдирди. Анда орус президенти Владимир Путиндин жардамчысы Юрий Ушаковго шилтеме кылып, расмий Ереван бирок макулдашылган документтерди кабыл алуудан баш тартпай турганын жазды. Путин Бишкек сапарынан соңунда салтка айлангандай эле прессага билдирүү жасарын маалымдады.

ЖККУнун саммити Бишкекте 25-27-ноябрь күндөрү өтөт, бул күндөрү Владимир Путин Кыргызстанда мамлекеттик сапар менен болот.

2023-жылдын башында Армения ЖККУнун аскердик машыгууларын "максаттуу эмес" деген жүйө менен өткөрүүдөн баш тарткан. Көп өтпөй, 2024-жылы февралда премьер-министри Никол Пашинян өлкөсү бул уюмга мүчөлүгүн токтотуп койгонун билдирген.

Ереван ЖККУга 2022-жылы Азербайжан талаштуу Тоолуу Карабак аймагын көзөмөлүнө алганда жана эки өлкө ортосунда чек ара чырында жардамга келбегенине нааразылыгын бир канча жолу билдирген.

Армения ошондон бери уюмга мүчөлүк акыны төлөбөй келет, ошол эле маалда ЖККУдан биротоло чыгып кеткенин дагы жарыялаган эмес.

Расмий Ереван ушул тушта Европа Биримдигине кошулууга аракет кылып жатат. Ушул жылдын февраль айында армян парламенти Еврошаркетке кошулуу жараянын баштоого байланыштуу мыйзам долбоорун кабыл алган. Европарламент Армениянын Брюссел менен кызматташуусун колдоого чакырган резолюция кабыл алган.

ЖККУ 1992-жылы негизделген жана Арменияны кошкондо анын курамында алты өлкө - Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Орусия жана Беларус бар.

Дагы караңыз

Британ агенттиги арам акчаны адалдаган түйүн "Керемет банкты" сатып алганын билдирдиВладимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келетМинистрлик Чечейбаевдин дарыканаларды азайтуу тууралуу айтканына түшүндүрмө берди ЖККУнун Бишкек саммитинен улам шаардагы мектептер, окуу жайлар онлайн окууга өтөтCNN: Рубио Украинадагы согушту токтотуу тууралуу сүйлөшүүлөрдө жылыш бар экенин айттыКытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоору: үч өлкөнүн өкүлдөрү жолукту ӨКМ: Сүлүктүдө уранды алдында калган төрт шахтер куткарылдыТемирлан Султанбеков өзүнүн камалышын шайлоо менен байланыштырдыМанас шаарындагы калайман мушташка байланыштуу 22 адам камалды