Женева сүйлөшүүсү: Украинада уруш жакында токтойбу?
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
23-ноябрда Женевада Украинада урушту токтотуу боюнча сүйлөшүү жүрдү. Вашингтон менен Киевдин делегациялары жараянда "жылыш" бар десе, Кремль расмий маалымат ала электигин айтууда. Евробиримдик АКШ президенти Дональд Трамп белгилеген мөөнөткө чейин келишим түзүлөрүнөн күмөн санайт. Ал эми Украинада фронтто абал оор бойдон. Орус армиясынын Харьковго жасаган чабуулунан төрт адам набыт болду, 10дон ашуун киши жараат алды.