Шайлоо алдында 10дой киши эки айга камалды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жогорку Кеңешке шайлоого бир апта калганда бир катар саясатчылар жапырт кармалды. Арасында “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, мурдагы президент Атамбаевдин кенже уулу Кадырбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Шайлообек Атазов, Кубанычбек Кадыров баш болгон 10дон ашуун киши 17-январга чейин камалды.