Түркмөнстандын Балкан аймагында кургакчылыктан улм Мямметкөл жана Делили суу сактагычтары толугу менен кургап калды. Бул суу сактагычтар Этрек дарыясынан келген суу менен толуп турчу. Бул тууралуу 23-ноябрда "Метеожурнал" маалымдады.
2024-2025-жылдары кар жана жаан дээрлик аз болуп, суу сактагычтар керектүү көлөмдөгү сууну топтой алган эмес. Алтургай, мурдагы запастарын да сактап калмак турсун, көп бөлүгүн жоготушкан.
2025-жылдын май айында Мямметкөлдүн янты 0,65 км²ге кыскарса, Делили толугу менен кургап калган. Акыркы жолу мындай көрүнүш 2021-жылдын октябрында катталган, андан кийин суу сактагыч күчтүү нөшөрдөн кийин гана 2023-жылдын августунда калыбына келген.
Бул суу сактагычтар 1964 жана 1970-жылдары ишке берилген.
Адистер белгилегендей, мурда курулган гидротехникалык объекттерди мамлекет натыйжалуу пайдалана албай, алардын акырындап бузулушуна алып келген.
Түркмөн маалымат каражаттары кургакчылык жана суу жетишсиздиги боюнча көйгөйлөрдү дээрлик чагылдырбай же мамлекеттик цензурадан улам үндөбөй турууга мажбур.
Ошондой эле Түркмөнстанды пахта өстүрүүдө сууну рационалдуу пайдаланбаганы үчүн сынга алышат.