Британ агенттиги арам акчаны адалдаган түйүн "Керемет банкты" сатып алганын билдирди

“Керемет Банк” быйыл жыл башында АКШнын, Британиянын санкцияларына кабылган.

Британиянын Кылмыштуулукка каршы күрөш улуттук агенттиги Кыргызстандагы "Керемет банкты" эл аралык санкциялардан буйтап, орус согушкерлерин колдогон төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн арам акчаны адалдоо менен алектенген эл аралык түйүн сатып алганын билдирди. Маалыматка ылайык, бул банк кылмыштуу түйүндүн ээлери менен байланышы бар Altair Holding SA компаниясынын колуна өткөн жана Орусиянын согуштук-өндүрүштүк комплексин колдогон “Промсвязьбанктын” эл аралык төлөмдөрүн жүргүзүүгө жардам берген.

"Керемет банк" жана кыргыз өкмөтү бул билдирүүгө азырынча комментарий бере элек.

Былтыр жыл аягында Кыргызстандын Финансы министрлиги "Керемет Банктын" 75% акциясын Altair Holding SA деп аталган люксембургдук компанияга 6,5 млрд сомго сатканын жарыялаган. Министрлик банктын 97,45% акциясын жарым жыл мурдараак эле 8,5 млрд сомго жакын каражатка сатып алган.

Расмий маалыматтарда Altair Holding SA эл аралык инвестициялык компания катары сыпатталат. Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, компания финансы системалары менен криптовалюта тутумдарын колдонуу менен кылмыштуу каражаттарды адалдоо боюнча эл аралык схемаларды уюштуруп иштеген Георгий Россиге таандык. Быйыл августта Altair Holding SA эл аралык санкцияга кабылган.

Британ агенттиги “Туруксуздаштыруу” операциясынын алкагында акча адалдоо менен алектенген TGR жана Smart аттуу эки эл аралык тутумдун ишмердигин иликтеген. Анда Smart компаниясын Екатерина Жданова жана TGR компаниясын Георгий Росси жетектегени аныкталган.

Эки түйүн тең киберкылмыштуулук, баңгизат жана курал-жарак аткезчилиги менен алектенген эл аралык кылмыштуу топтор менен акча адалдоо боюнча кызматташып келген. Агенттиктин билдирүүсүндө муну менен катар, орусиялык кардарларынын финансылык чектөөлөрдү мыйзамсыз кыйгап өтүүсүнө жана алардын каражаттарын Британияга инвестиция жасоого жардам берип турганы жазылган.

“Керемет Банк” быйыл жыл башында АКШнын, Британиянын санкцияларына кабылган. Кыргыз өкмөтү банктын санкцияга кириптер болушун негизсиз деп атап, аны “кара тизмеден” чыгарууга бир топ аракет жасап келет.

Президент Садыр Жапаров сентябрда өткөн БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынында сүйлөгөн сөзүндө кыргыз банктарын (“Капитал Банкты” кошо) тез арада санкциядан чыгарууну талап кылган. Ал банктарга салынган санкцияларга негиз берген бир да факты жок экенин айткан.

Дагы караңыз

Манас шаарындагы калайман мушташка байланыштуу 22 адам камалдыТемирлан Султанбеков өзүнүн камалышын шайлоо менен байланыштырдыӨКМ: Сүлүктүдө уранды алдында калган төрт шахтер куткарылдыКытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоору: үч өлкөнүн өкүлдөрү жолукту CNN: Рубио Украинадагы согушту токтотуу тууралуу сүйлөшүүлөрдө жылыш бар экенин айтты