Абдыганы Эркебаевдин "Бар бол Адабият" аттуу китеби жарык көрдү

Академик, адабиятчы, коомдук ишмер Абдыганы Эркебаевдин "Бар бол Адабият" аттуу китеби жарык көрдү.

Автор китепте азыркы кыргыз адабиятын илимий-теориялык негизде талдаган. Улуттук адабияттын өнүгүү тенденцияларына, актуалдуу маселелерине токтолгон.

Буга чейин китепке кирген макалалар түрмөгү “Кыргыз Туусу” гезитинин жети санына жарыяланган.

Китептин бет ачары Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада өттү. "Кыргыз Туусунун" жамааты уюштурган бул иш-чарага кыргыз интеллигенциясынын бир катар өкүлдөрү катышты.

Китеп 500 нускада жарык көргөн. Жакынкы күндөрү сатыкка чыгат.

Абдыганы Эркебаев бир катар илимий-адабий эмгектердин автору. Анын жаш кезинде жазган "Очеркист чалгындан кайтканда", андан кийинки "Азыркы аңгеме жөнүндө сөз", "Повесть жанрынын кээ бир маселелери", "Кыргыз романдарынын контрасттары" ж.б. сын макалалары адабий чөйрөдө кызуу талкуу жараткан.

Абдыганы Эркебаев 1990-жылдары саясатка аралашып, Жогорку Кеңештин депутаты, кийин спикери болгон. Бир катар саясий-коомдук кызматтарды аркалаган. (ST)

Дагы караңыз

Өспүрүмдү кылмыш жообуна тартуу тартиби өзгөртүлдүПрезидент Жапаров Кыргызстанда кытай жарандары көбөйгөн себебин түшүндүрдүУюшма кылмыштын "эскирүү мөөнөтү" нормасын колдонбоо сунушталды22-ноябрдын аба ырайы: күн ачык болот