Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Индияда өтүп жаткан бокс боюнча Дүйнө кубогунда 60 кг чейинки салмакта күмүш медал тагынды.
Кыргыз мушкери 20-ноябрдагы финалдык беттеште индиялык Сачин Сивачка жеңилди. Сейитбек уулу буга чейин алгач польшалык Павел Брахты 5:0, жарым финалда англиялык Уиллиям Давид Хевитти 3:2 эсебинде жеңген.
Мунарбек Сейитбек уулу - 2024-жылы Парижде өткөн Олимпиада оюндарында күмүш медал, 2023-жылкы Дүйнө чемпионатында коло байге алган. Ал ошондой эле Кыргызстандын беш жолку чемпиону.
29 жаштагы Мунарбек Сейитбек уулу Олимп оюндарында финалга чыккан алгачкы кыргыз мушкери. (AiA)