Украина: Тернополдо 20дан көп киши набыт болду
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Шаршембиге караган таңда орус армиясынын чабуулдарынан дагы 20дан көп кишинин өмүрү кыйылды. 60тан ашуун адам жарадар болду. Катуу соккунун бири Тернополь шаарындагы турак-жайга урулган. Харьковдо чабуулдан жараат алгандардын саны 40тан ашты. Украин куралдуу күчтөрү америкалык ATACМS ракетасы менен Орусиянын ичине биринчи жолу сокку урулганын ырастады.