Ооруну алдын алуу боюнча "Саламат жүрөк" улуттук программасы кабыл алынды

Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров “2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын “Саламат жүрөк” улуттук программасы жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациянын расмий сайтына жарыяланды. Программанын негизги максаты өлкөдө жүрөк-кан тамыр жана жугуштуу эмес оорулары алып келген өлүм учурларын 25% азайтуу жана социалдык-экономикалык жүктү жеңилдетүү болуп саналат.

Муну менен калктын медициналык жардам алуусу үчүн бирдей мүмкүнчүлүк түзүү, оорунун алдын алуу, эрте аныктоо, дарылоонун жана реабилитациялоонун туруктуу, санариптик системасын түзүү пландалууда.

Маалыматта айтылгандай, Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр оорулары калктын өлүмүнүн башкы себеби болуп саналат. Улуттук статистика комитетинин маалыматтары боюнча, 2023-жылы жүрөк-кан тамыр ооруларына өлүмдүн бардык учурларынын жарымынан көбү (52,3 %) туура келген. (КЕ)

Дагы караңыз

Кыргызстанга расмий сапар менен Кытайдын тышкы иштер министри Ван И келдиКыргызстандык рэпер Bakr Орусиянын аймагына киргизбей коюшканын билдирдиМинистр Ибраев Кыргызстанда энергетикалык таңкыстык болбой турганын айтты 20-ноябрдын аба ырайы: айрым аймактарда кар жаайт