Ош, Манас шаарларында аскер комиссариаттарынын үч кызматкери кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратура 13-ноябрда Аскер прокуратурасы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлеринин коштоосунда Ош жана Манас шаардык аскер комиссариаттарынын үч кызматкерин кармаганын билдирди.

Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси - “Пара алуу” жана 343-беренеси - “Опузалап пара алуу” менен айып коюлду.

Башкы көзөмөл органы ушул тапта кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо максатында тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын кошумчалады. Бирок шектүүлөр кимден опузалап пара талап кылганын жана кармалган аскерлер тууралуу кенен маалымат берген жок. (BTo)

Дагы караңыз

Ош аэропортунда жүзүн толук жаап жүргөн үч аял айыпка жыгылдыБишкекте электр жарыгы үзгүлтүккө учурап, жол чырактар утур-утур өчүүдөЧүйдө таштандыдан жаңы төрөлгөн ымыркайдын сөөгү табылдыОштун мэри саат 22:00дө жарыгын өчүрбөгөн кафе-ресторандарды бир айга жабуу тапшырмасын бердиFreedom House: Кыргызстанда интернет "жарым-жартылай эркин" БШК талапкер Бообековду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат бердиБашкы прокуратура талкуу жараткан мыйзам долбооруна түшүндүрмө берди