"Бишкек" ЭЭАда мыйзамсыз иштеп жүргөн чет өлкөлүк 12 жаран аныкталды

“Бишкек” эркин экономикалык аймагында мыйзамсыз иштеп жүргөн чет элдик мигранттар.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Бишкек” эркин экономикалык аймагында чет өлкөлүк 12 жаран мыйзамсыз иштеп жүргөнү аныкталганын билдирди. Чет элдиктер Кыргызстанга туристтик виза менен келип, мыйзамсыз эмгек ишмердигин жүргүзгөнү такталган.

Аларга Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында белгиленген жүрүү тартибин же эмгек ишин жүзөгө ашыруу же транзиттик өтүү эрежелерин бузгандыгы” беренеси менен 66 миң сом айып пул салынды.

Чет өлкөлүк жумуш күчүн мыйзамсыз тарткан юридикалык жактар 65 миң сом айыпка жыгылды.

Кыргызстанда соңку жылдары Индиядан, Пакистандан, Бангладештен келген эмгек мигранттары көбөйдү. Алардын көпчүлүгү курулуш, тейлөө жана тигүү цехтеринде эмгектенет.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 21-майда мыйзамсыз миграцияга байланыштуу жыйын өткөрүп, анда өлкөдө 5 миңдей мигрант тиешелүү документтери, уруксаты жок жүргөнүн айткан.

Кийин УКМК жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кыргызстанда мыйзамсыз иштеп жүргөн бир нече мигранттарды аныктаган. (BTo)

Дагы караңыз

Бишкектин Көк-Жар конушундагы алты гектар жер мамлекетке кайтарылдыАкылбек Кылычев Кыргызстандын Ирандагы элчиси болуп дайындалды БШКнын төрагасы мыйзам бузган талапкерлерге катуу чаралар көрүлөрүн айттыОрусия менен Украина бири-бирине дрон менен чабуул коюштуПрокурор Стамбулдун мэри Имамоглуна 2000 жыл сурады Түркиянын аскердик учагы Грузия–Азербайжан чек арасына жакын жерге кулады