Акылбек Кылычев Кыргызстандын Ирандагы элчиси болуп дайындалды

Акылбек Кылычев. Архив.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Акылбек Кылычев Кыргызстандын Ирандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси жана курамына 10 өлкө кирген, башкы кеңсеси Тегеран шаарында жайгашкан Экономикалык кызматташтык уюмундагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү болуп дайындалды.

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы 12-ноябрда билдирди.

Тарых илимдеринин доктору Акылбек Кылычев 1966-жылы Нарын шаарында туулган. 2023-жылы Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) караштуу Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиянын ректору болуп бекитилген.

Ал 1995-жылы “XIV-XV кылымдардагы Теңир-Тоо жана ага чектеш аймактардын тарыхы (айрым фарсы булактары боюнча)” аттуу темада кандидаттык диссертациясын жактаган. 1998-жылы Египет Араб Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын курсунда окуган (Каир шаары).

1998-2014-жана 2021-2023-жылдары ал Кыргызстандын Ирандагы элчилигинде 1-катчы, кеңешчи жана элчинин милдетин аткаруучу кызматтарын аркалаган. (BTo)

Дагы караңыз

БШКнын төрагасы мыйзам бузган талапкерлерге катуу чаралар көрүлөрүн айттыПрокурор Стамбулдун мэри Имамоглуна 2000 жыл сурады Энергетика министри Ибраев мурдагы президент Атамбаевге жооп берди Беларус бийлиги Тихановскийдин сайтын, соцтармактагы баракчаларын "экстремисттик" деп тапты Камчыбек Ташиев чек аралардан оор курал-жарактар алынарын айтты