Жогорку Кеңешке шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды

Иллюстрациялык сүрөт.

10-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды. Үгүт өнөктүгү 20 күнгө уланып, 29-ноябрда аяктайт. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоого катышуу үчүн жалпы 467 талапкерди каттады, алардын 276ы эркектер, 191и аялдар.

Боршайком мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, саясий кызматта отургандар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, диний ишмерлер, кайрымдуулук иштери менен алектенген уюмдар, 18 жашка чыга электер, чет элдик жарандар жана уюмдар, жарандыгы жок адамдар үгүт иштерин жүргүзө албай турганын билдирди.

Андан тышкары Кыргызстанда маалымат тараткан чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары да үгүт өнөктүгүн жүргүзө албайт. БШК талапкерлердин жана саясий партиялардын ар-намысына шек келтирген маалыматтарды камтыган теле жана радио программаларды көрсөтүүгө тыюу салынарын эскертти. Эгерде бул талап бузулса жоопкерчилик каралган. Талапкерлер шайлоо фонддору аркылуу гана иштеши керек.

Алдын ала жарыяланган тизмеге ылайык, Кыргызстанда 4 млн 300 миңге жакын шайлоочу бар.

Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таркатып, президент Садыр Жапаров парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган. “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзам боюнча, өлкөдө 30 округ түзүлгөн. Эми ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет жана алардын бири аял болушу кажет (же эки аял болсо бири эркек болушу шарт). (BTo)

Дагы караңыз

Садыр Жапаров өлкөдө төңкөрүшкө жол берилбей турганын айттыОрусиянын соккусунан улам Харьков метросу эки күндөн бери иштебей туратКуткаруучулар орусиялык альпинистти тоодон алып түштүТүркия Нетаньяхуну "геноцидге" айыптап, камоого ордер чыгардыБелгороддогу чабуулдан 20 миңдей тургун жарыксыз калды