Белгороддогу чабуулдан 20 миңдей тургун жарыксыз калды

Белгород

Орусиянын Украина менен чектеш тилкеде жайгашкан Белгород шаары жана Белгород району чабуулга кабылып, 20 миңден ашуун тургун жарыксыз калды. Бул тууралуу аймактын башчысы Вячеслав Гладков билдирди.

Дрондордун сыныгынан бир нече гараж күйүп кетти. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жок.

SHOT телегерам-каналы шаар жапырт аткылоочу реактивдүү системадан (РСЗО) аткыланганын жазды. Сыныктардын бири жергиликтүү Жылуулук электр борборуна түшкөн. Анын кесепетинен Белгороддун бир нече районунда жана Дубовое айылында жарык үзгүлтүккө учурады.

Украина соңку чабуул тууралуу комментарий бере элек.

Согуш 2022-жылы февралда Орусия Украинага толук масштабдуу бастырып киргенден бери уланып келе жатат. (КЕ)

Дагы караңыз

Кара-Кечеде күн сайын 300-400 машинеге көмүр жүктөлүп жатканы маалымдалдыУкраин дрондору Орусиянын эки ири электр станциясына чабуул койду9-ноябрдын аба ырайы: Түнкүсүн суук болотТрамп Путин менен саммит согуш токтобогону үчүн болбой калганын айтты