Украин кризиси: Кыргызстанды тооруган тобокелдиктер
Украинадагы согуш, Батыштын Орусияга санкциясынын кесепети Кыргызстанга сезиле баштады. Дагы көпкө сезилет көрүнөт. Валюта базарында олку-солкулук байкалып, баалар өсөрү болжолдонууда. Муну белгилеген президент Садыр Жапаров өлкөдө баа кымбаттап, улуттук валюта катуу басымга кабылышы мүмкүн экенин эскертти. Өкмөт мындай кырдаалда антикризистик чараларды иштеп чыгып, калкка кырдаалдан чыгуунун бир нече жолун сунуштады. Кыргыз экономикасына кыйын жана түз таасири тийип жаткан өнөктөштөрдөгү согуш менен санкциялардын кесепетин кантип жумшартуу керек? Мындай кырдаалда өкмөт жана бизнес эмнелерге көңүл бурушу кажет? Бул суроолорду "Эксперттер талдайт" программасында талкуулайбыз.
Чыгарылыштар
-
Декабрь 02, 2025Жогорку Кеңеш: Эски депутаттар, жаңы жүздөр
-
Декабрь 01, 2025Жаңы парламент кандай болот?
-
Ноябрь 26, 2025Москванын Кыргызстанга кызыгуусу арттыбы?
-
Ноябрь 11, 2025Жогорку Кеңешке Мамдани сыяктуу саясатчы келеби?
-
Сентябрь 25, 2025Жогорку Кеңеш кезексиз таркады. Шайлоо кандай өтөт?
-
Сентябрь 19, 2025Менчик кол тийбестиги коркунучтабы?