Көз карандысыз байкоочулар Украина жаңжалына байланышкан Орусиядагы экономикалык кризис Кыргызстанда жумушсуздуктун өсүшүн шарттап жатканын айтышууда. Буга биринчи кезекте мигранттардын маяналарынын азайышы жана жумушсуз калып жатышы себеп болууда. “Азаттыктын” кабарчылары Кыргызстандагы жумушсуздуктун себептерин, иши жок жүргөндөрдүн жан багуу аракеттерин иликтеп көрүштү.
Кыргызстандыктарды жумуш менен туруктуу жабдып келаткан эки ири тармак – жеңил өнөр жай жана курулушта быйыл иш орундар кыскарып, алардын эсебинен жумушсуздардын катары өсүп жатат. «Азаттык» тактаган маалыматтарга караганда, Кыргызстанда иш орундарынын азайышына Орусиядагы экономикалык кризис олуттуу таасирин тийгизүүдө. Темага кененирээк кабарчыбыз Зайырбек Ажыматов токтолот.
Баткенде расмий маалымат боюнча жумушсуздардын саны өтө деле көп эмес. Бирок аймактан жумуш таппай жаз алды менен Чүй жана Ноокат тарапка агылгандардын саны акыркы кезде арбыды. Баткендеги кабарчыбыз Жеңиш Айдаров жумушсуз жүргөндөр менен жолуккан.
Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда жумушсуздуктун орточо деңгээли бүгүнкү күндө 8% ашуун. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Эмгек, жаштар жана миграция министрлигинин Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү саясаты башкармалыгынын башчысы Аида Ажихожоева билдирди. Анын айтымында, жумушсуздук маселеси айрыкча Баткенде жана Нарында курч. Маекти уюштурган кабарчыбыз Рахат Кеңешова.
500 миңге жакын калк жашары айтылган Ош шаарында 2400 адам жумушсуз деп расмий катталган. Ал эми мамлекеттик жана жеке секторлордо расмий иштегендердин саны да көп эмес. Иш орду барлардын да жумушсуздардын да катарына кошулбаган жүз миңдеген адам кантип тирилик кылууда? Кененирек аймактык кабарчыбыз Ыдырыс Исаков баяндайт.
Бишкекте жумушсуздардын көбү эмгек биржалары аркылуу күндөлүк ар кандай кара жумуштарда жалданып иштеп, жан багышат. Лев Толстой көчөсүн бойлой жайгашкан Бишкектеги жумушсуздардын бейрасмий ири биржасына кабарчыбыз Эмил Чекиров барып келди.
-
Зайырбек Ажыматов
"Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан.
-
Жеңиш Айдаров
"Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы. Ош мамлекеттик университетин аяктаган.
-
Рахат Кеңешова
"Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин журналисти. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетин бүтүргөн.
-
Ыдырыс Исаков
«Азаттыктын» Оштогу кабарчысы. 2008-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.
-
Эмилбек Чекиров
2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.