Президенттик аппараттан Алмаз Кененбаев, өкмөттүн атынан Жеңиш Разаков келди.
Курултайда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтүндө жасаган иштери жана учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун ишине киришкен бир жылдык убакытта жасаган иштерине баа берилери айтылган. Андан тышкары өлкөдөгү саясий жана экономикалык абал талкууланат. Курултайды саясатчылар жана жарандык коомдун өкүлдөрү уюштурууда.
Курултай "Манас" айтуу менен башталды. Манасчы Дөөлөт Сыдыков сахнада.