Кыргыз шоу-бизнесинде бизнес бар, бирок шоу кайда кетти? Сахнадан тойго агылган өнөрпоздор табигый аваздын кадырын кетирип жаткан жокпу? Сахнаны ким ээледи, ким тебеледи? “Азаттык+” ушул суроолорго жооп издеди.
Акын Акбар Кубанычбеков эстрадада жаш ырчылар ырдап жүргөн жүздөн ашуун ырдын автору. Бирок өзү элүүдөн ашык гана ыры ырдалып жүргөнүн айтат. Купулуна толбогон, бирок ырчылар аткарып чыккан ырларды эмгегинин арасына кошкусу келбейт.
Ошол эле учурда Кубанычбеков угармандар да ырдын маани-мазмунуна эмес, аткаруучунун өзүнө, анын атактуулугуна көңүл буруп калганын баса белгилейт.
Ырдын тексти даяр. Кийинки кадам композитордо. Бирок айрым учурда обончулардын ишин үн режиссерлору же мыкты аранжировщик аткарат. Шаарда бул өңдүү үн жаздыруучу студиялар аз эмес.
Аранжировканын акысы 100 доллардан 1500 долларга чейин жетет. Ошондой эле ырды радио аркылуу угармандарга жеткирүү ишине бери дегенде эле 200 доллар керек.
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
-
Айгерим Акылбекова
"Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган.
-
Бекзат Бектурган
Бекзат Бектурган "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин студенти.