Солтон-Сары: эл эмнеге нааразы?
Нарындагы Солтон-Сары кенинде жергиликтүү тургундар менен кытайлык инвесторлор ортосунда чыр чыкты. Андан 40ка жакын адам ооруканага кайрылды. Жергиликтүү тургундар кенди чет өлкөлүк компаниянын иштетишине каршы болуп, буга чейинки лицензияны жокко чыгарууну талап кылууда. Учурда өкмөт өкүлдөрү жаңжалды жөнгө салууга аракет кылууда. Кыргызстанда улам-улам катталган кендердеги чыр-чатакка эмне себеп болууда жана аны кантип чечүү керек? Бул суроого “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүндө жооп издейбиз. Талкууга Өнөр жай, энергетика жана жер ресурстары боюнча мамлекеттик комитеттин төрага орун басары Карыбек Ибраев, Кыргызстан тоо кенчилер бирикмесинин төрага орун басары Дүйшөнбек Камчыбеков, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нарынбек Молдобаев жана парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов катышты.
Чыгарылыштар
-
Декабрь 02, 2025Жогорку Кеңеш: Эски депутаттар, жаңы жүздөр
-
Декабрь 01, 2025Жаңы парламент кандай болот?
-
Ноябрь 26, 2025Москванын Кыргызстанга кызыгуусу арттыбы?
-
Ноябрь 11, 2025Жогорку Кеңешке Мамдани сыяктуу саясатчы келеби?
-
Сентябрь 25, 2025Жогорку Кеңеш кезексиз таркады. Шайлоо кандай өтөт?
-
Сентябрь 19, 2025Менчик кол тийбестиги коркунучтабы?