Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:39

Израил: Нетаньяху президентке ырайым сурап кайрылды


Биньямин Нетаньяху
Биньямин Нетаньяху

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жекшембиде өлкө президенти Ицхак Герцогго ырайым сурап кайрылды. Маалыматты президенттин катчылыгынан ырастап, кийинчерээк Нетаньяху өзү элге кайрылуу менен чыкты.

Премьер-министрге каршы 2019-жылы коррупция, шылуундук жана кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген айып тагылып, иши сотто. Тергөө ал мыйзамды бузуп белек-бечкек алган деп да айып таккан. Байкоочулар Нетаньяхунун өкүм чыкканга чейин ырайым сурап кайрылганы таңкалычтуу экенин айтып жатышат. Ошол эле маалда ал өзүнө коюлган күнөөнү моюнга алган эмес.

Кайрылуусунда Нетаньяху өзү сотто акталып чыгууга кызыкдар экенин, бирок процесстер иштен алагды кылып жаткандыктан аны токтотуу демилгеси менен чыкканын белгилеген. Президенттин катчылыгы премьердин өтүнүчүн Юстиция министрлигине жиберип, андан кийин мамлекет башчынын укук боюнча кеңешчиси маселени карап чыгарын кабарлады.

Оппозициянын лидери Яир Лапид Нетаньяху күнөөсүн моюнга алып, саясаттан кеткенде гана кечирим берилиши керек деп айтты.

Ноябрдын башында АКШ президенти Дональд Трамп Израилдин президенти Ицхак Герцоггго кат жолдоп, анда Нетаньяхуга толук ырайым берүүгө чакырган. Трамп катында Нетаньяху "Израилди күчтүү душмандан катуу коргогонун, аны мамлекеттик башкаруудан алагды кылуу өзүн актабай турганын" жазган.

Израилде президенттин милдеттери символикалуу, бирок конституциялык мыйзамдардын биринде ага кылмышкерлерге мунапыс берүү, алардын жазасын жеңилдетүү же алмаштыруу укугу берилген. Бул мыйзам соттоло электерге да тиешелүү.

Нетаньяху Израилдин тарыхында өкмөттү эң көп башкарган премьер. Өкмөттөгү оңчул партиялардын кайчы пикирлерине, Газадагы согушка жана Израилге 2023-жылдын 7-октябрында болгон кол салуунун алдын албады деген сындарга карабай ал бийликтен кете элек.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG