Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:43

Чүй: №17, 18, 19, 20, 26 округдарынын баштапкы жыйынтыгы


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Талас району Чүй облусунун айрым райондору менен катар кирген № 17 округда үч орунга 15 талапкер атаандаш болду. Добуштарынын саны жагынан эркектерден Нурланбек Азыгалиев, Улукбек Узакбаев алдыда. Азыгалиев 55 жашта, ал Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты, вице-спикери болгон. Узакбаев 38 жашта, прокуратура кызматкери, Өзгөн районунун прокурору болуп иштеген. Ал Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик стратегияны иштеп чыккан жумуш тобунун мүчөсү болгон, учурда "Смарт Лекс" юридикалык компаниясын жетектейт.

Аял талапкерлерден бул округда Чолпон Эсенаманова алдыда келе жатат. Эсенаманова 45 жашта, өкмөттүк, парламенттик аппараттарда юрист болуп иштеген. 2016-жылы Жогорку Кеңешке "Кыргызстан" партиясынын тизмеси боюнча атасы Замирбек Эсенаманов менен чогуу ат салышкан. Партия жетекчилигинин чечиминин негизинде мандатынан баш тарткан.

№18 округ боюнча 16 талапкер катталган. Жогорку Кеңештин буга чейинки чакырылышында депутат болгон 43 жаштагы Карим Ханджеза жана талапкерлер Эркин Бийбосунов, Эркин Чомоев, аялдардан Гүлжан Сатиева менен Лейла Лурова алдыда. Лурова 57 жашта, ал Жогорку Кеңештин VII чакырылышында «Ынтымак» саясий партиясынан депутат болгон

№19 округда 25 талапкер ат салышты. Баштапкы эсеп боюнча алдыда келе жаткан талапкерлер - Абдылдабек Эгембердиев, Медербек Алиев, Эдита Тайгараева жана Рысгүл Акимжанова.

Эгембердиев 33 жашта, «Асан бий уулу Алымбек датка» коомдук кайрымдуулук фондунун президенти, 2020-жылы Жогорку Кеңешке шайлоого «Мекенчил» саясий партиясынан талапкер катары катышкан.

39 жаштагы Алиев Жогорку Кеңештин VII чакырылышында «Ишеним» саясий партиясынан депутат болгон.

Тайгараева 46 жашта, Чүйдө Күн-Туу айыл өкмөтүндө бөлүм башчы.

Акимжанова 45 жашта, азык-түлүктү кайра иштетүүчү "Бай элим" компаниясынын негиздөөчүсү. Ал айыл чарбасында иштеген аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө салым кошкон активист катары таанымал. 2024-жылы Эверест чокусуна чыккан эки кыргыз аялдын бири.

№20 округда 18 талапкер болду. 26 жаштагы Темирлан Айтиев алдыда келе жатат, андан кийин, добуштардын саны боюнча, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Сеидбек Атамбаев, аял талапкерлерден Токтобүбү Ашымбаева алдыда. Ашымбаева 59 жашта, ал И.Арабаев атындагы КМУнун педагогикалык коллежинин директору.

№26 округда 17 талапкер катталган. Бул жерде эң көп добуш топтогондор, баштапкы эсеп боюнча, Медербек Саккараев, Эркинбек Исеналиев, ал эми аялдардан парламенттин буга чейинки чакырылышында вице-спикер болгон Жамила Исаева алдыда баратат.

Чүй облусу бир нече округга бөлүнгөн. №17 округдун борбору деп Кара-Балта шаары көрсөтүлгөн, шайлоочуларынын саны 149 072 адам. Ага Кайыңды шаары, Панфилов району, Кара-Балта шаары толук жана Жайыл районунун айрым айыл аймактары, ошондой эле Талас облусунун Талас району кирет. №18 округдун борбору Беловодск айылы, шайлоочуларынын саны 139 755 адам, курамында Жайыл районунун кээ бир аймактары, Москва жана Сокулук райондору жана Шопоков шаары. №19 округдун борбору Сокулук айылы, шайлоочулары 138 373 адам, курамы - Сокулук районунун айрым айылдары жана Бишкектин Ленин районунун кээ бир аймактары. Борбору Лебединовка айылы болгон № 20 округда 127 760 шайлоочу катталган, курамына Чүйдүн Аламүдүн районунун, Бишкектин Биринчи Май, Свердлов, Ленин райондорунун айрым аймактары кирген. Ал эми 132 142 шайлоочусу бар №26 округдун борбору деп Токмок шаары көрсөтүлгөн, курамында Токмок, Кемин шаарлары жана Чүй, Кемин райондорунун айрым аймактары бар.

Кыргызстанда 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. Өлкө боюнча 30 шайлоо округу түзүлгөн. Ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Парламенттеги 90 орун үчүн 460 талапкер ат салышты.

Кыргызстан боюнча 2 миң 492 шайлоо тилкеси, мындан тышкары аралыктан добуш берүү үчүн 27 тилке иштеди. Чет жакта, 34 мамлекеттин 89 шаарында 100 шайлоо тилкеси ачылган.

Жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтын баары баштапкы эсепке негизделген. (RK)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG