Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:37

Нарын облусу: №29 жана №30 округдардагы добуштардын баштапкы эсеби


Иллюстрация.
Иллюстрация.

№29 округда үч орунга 13 талапкер ат салышты. Эркек талапкерлерден алдыда парламенттин мурдагы вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев жана талапкер Адилет Белеков, аялдардан Гүлсүнкан Жунушалиева келе жатышат.

№30 округда үч орунга 15 талапкер атаандаш болду. Алдыда келе жаткандар 41 жаштагы ишкер Кубанычбек Самаков, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Улан Бакасов, Мурадил Сыдыков жана аял талапкерлерден алдыда парламенттин мурдагы депутаты Жылдыз Таалайбек кызы келе жатат.

Нарын облусу №29 жана №30 округдарга караштуу. №29 округдун борбору деп Кочкор айылы көрсөтүлгөн, шайлоочулардын саны 138 152 адам. Курамына Нарындын Кочкор районунун беш айыл аймагы, Жумгал районунун алты айыл аймагы жана Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарынын кээ бир аймактары кирген. №30 шайлоо округунун борбору Нарын шаары, 136 756 шайлоочусу бар, ага Нарын облусунан Ак-Талаа, Нарын, Ат-Башы райондору жана Нарын шаары карайт.

Кыргызстанда 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. Өлкө боюнча 30 шайлоо округу түзүлгөн. Ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Парламенттеги 90 орун үчүн 460 талапкер ат салышты.

Кыргызстан боюнча 2 миң 492 шайлоо тилкеси, мындан тышкары аралыктан добуш берүү үчүн 27 тилке иштеди. Чет жакта, 34 мамлекеттин 89 шаарында 100 шайлоо тилкеси ачылган.

Жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтын баары баштапкы эсепке негизделген. (RK)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG