Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:30

Чет өлкөлөрдө саат 08.00го карата 620 адам добуш берди


Шайлоо 30-ноябрда өтүп жатат.
Шайлоо 30-ноябрда өтүп жатат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусия, Жапония, Кытай, Малайзия жана Монголияда ачылган 22 шайлоо участкасында добуш берүү жүрүп жатканын билдирди. Бишкек убактысы менен 08.00го карата бул мамлекеттерде жалпысынан 620 адам добуш бергенин кабарлады. Чет мамлекеттерде калган 80ге жакын шайлоо тилкелерин жакында ачыларын белгиледи.

Борбордук шайлоо комиссиясы жалпы өлкөдө 2492, андан сырткары аралыктан добуш берүү үчүн 27 шайлоо участкасы ачылганын билдирген.

Ошондой эле 34 чет мамлекетте 100 шайлоо тилкеси уюштурулган жана анын 40ы Орусияда ачылган.

Шайлоо тууралуу жаңы мыйзамга ылайык, бул жолку шайлоодо аралыктан добуш берүү үчүн онлайн идентификацияны колдонулуп жатат. Бул система аркылуу ар бир жаран өзүнүн округунан сырткары каалаган жердеги шайлоо участкасынан аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG