Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:08

Киев жапырт аткылоого кабылды, киши өмүрү кыйылды


Киев.
Киев.

Орусиянын армиясы 29-ноябрга караган түнү Украинанын борбор калаасы Киев жана Киев облусу, Днепр жана Харьков аймактарын ракета жана учкучсуз учактар менен жапырт аткылады. Негизинен Киев шаары жана Киев облусу бутага алынды.

Соңку маалыматтарга караганда, кеминде үч киши каза болуп, ондогону жараат алды.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия 36 ракета жана дээрлик 600 дрон учурганын билдирди. Анын айтымында, негизинен энергетика жана башка жарандык инфратүзүм бутага алынды. Бир канча үй зыян тартып, өрт чыкты.

Киевдин өзүндө эле эки киши каза болду, кеминде он киши жараат алды. Борбордун ар кайсыл районундагы турак жайларда, анын ичинен Шевченко районунда 14 кабаттуу үйдө өрт тутанды.

Киев облусунун эки району соккуга кабылды. Орус армиясынын чабуулунан улам Киевде Харьков шоссесинде каттам тосулду. Ал жакта автомобиль күйүп жатканы кабарланды.

Борбор калаада жана облуста жүз миңдеген тургун убактылуу жарыксыз калды.

Шерине

XS
SM
MD
LG