Орусиянын Юстиция министрлиги эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюмун “жагымсыз уюмдардын” катарына кошту. Бул тизмеге кирген уюмдардын ишмердүүлүгүнө аралашкандарга административдик жана кылмыш жоопкерчилиги каралаган.
HRW 1978-жылдан бери 70тен ашуун өлкөдө адам укуктарынын бузулушуна байкоо салып келет.
Роскомнадзор 2022-жылы Башкы прокуратуранын талабы менен уюмдун сайтын бөгөттөгөн. Аталган мекеме уюмдун сайтында Украинадагы согушка байланыштуу “такталбаган маалымат” бар экенин жүйө келтирген.
HRW Украинада орус армиясынын соккусунан каза болгон жайкын тургундар жана орусиялык аскерлердин аракеттери тууралуу жазган.
Аталган уюм 2023-жылдын декабрь айынан баштап орусиялык аскерлер Украинанын багынып берүүгө аракет кылган кеминде 15 жоокерин, туткунга түшкөн дагы алтоону өлтүргөн болушу ыктымалдыгын жазган. HRW бул тууралуу Орусиянын бийлигине дагы кат жөнөтүп, жообун ала алган эмес.
Шерине