Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:32

Шайлоо: Эреже бузуулар жөнүндө 269 билдирүү түштү

  • Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өттү.
  • Өлкө боюнча 30 шайлоо округу түзүлгөн. Ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Алардын бири аял болушу кажет (же эки аял болсо бири эркек болушу шарт).
  • 460 талапкердин 271и эркек, 189у аял.
  • Боршайком 37 кишини талапкер катары каттоодон баш тарткан.
  • Талапкерлердин 78и мурдагы депутаттар. 24-сентябрда 7-чакырылыштагы парламент өзүн-өзү тараткан.
  • Боршайком билдиргендей, 4 294 243 шайлоочу добуш берет. Анын 48,47% эркектер, 51,52% аялдар.
  • Шайлоого 800гө жакын эл аралык байкоочу көз салат.





21:46 30.11.2025

30-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо саат 19:00гө карата 1 млн 472 миң 264 жаран добуш берди. Бул көрсөткүч жалпы шайлоочулардын 34,31 % түзөт. Саат 20:00гө карата маалымат чыга элек.

№1 шайлоо округу – Баткен облусунун Лейлек районунда 136 220 шайлоочу бар. Бул округда 17 талапкер ат салышты. Баштапкы эсептер боюнча эркектерден Чыңгыз Ажибаев, Исманали Жороев, аялдардан Камила Талиева алдыда баратат.

№2 шайлоо округу – Баткен облусунун Баткен жана Кадамжай райондорунда 144 380 шайлоочу бар. Бул округда 14 талапкер ат салышты. Баштапкы эсептер боюнча эркектерден Ырысбек Атажанов, Бахтияр Калпаев, аялдардан Бурун Аманова алдыга чыкты.

№3 шайлоо округу – Баткен облусунун Кадамжай районунун бир бөлүгүндө, Ош облусунун Ноокат жана Араван райондорунун бир бөлүгүндө 136 040 шайлоочу бар. Бул округда 17 талапкер ат салышты. Баштапкы эсептер боюнча эркектерден Равшанбек Рысбаев, Жаныбек Аматов, Акрам Мадумаров, аялдардан Махабат Мавлянова алдыга чыкты.

20:07 30.11.2025
19:50 30.11.2025

Саат 19:00гө карата 1 млн 472 миң 264 жаран добуш берди. Бул көрсөткүч жалпы шайлоочулардын 34,31 % түзөт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) сайтындагы маалыматка ылайык, саат 18:00гө карата жалпы шайлоочулардын 30,99% (1 млн 330 миң 602 жаран) добуш берүүгө катышкан.

Кыргызстан боюнча 2 миң 492 шайлоо тилкеси саат 8:00дө ачылып, добуш берүү башталган.

Мындан тышкары аралыктан добуш берүү үчүн 27 тилке иштеп жатат. Чет өлкөлөрдө 100 тилке бар жана Бишкек убактысы боюнча саат 8:00гө чейин 620 шайлоочу добуш берди.


Боршайком билдиргендей, шайлоого жалпы 460 талапкер ат салышууда жана бул жолу 4 294 243 шайлоочу добуш берет. Анын 48,47% эркектер, 51,52% аялдар.

18:56 30.11.2025

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо саат 18:00гө карата 1 млн. 330 миң 602 жаран добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди. Мындай көрсөткүч жалпы шайлоочулардын 30,99% түзөт.

Шайлоо округдары боюнча маалыматтар төмөнкүдөй:

  • №1 шайлоо округу – 37,47%;
  • №2 шайлоо округу – 34,32%;
  • №3 шайлоо округу – 33,64%;
  • №4 шайлоо округу – 39,25%;
  • №5 шайлоо округу – 26,86%;
  • №6 шайлоо округу – 27,75%;
  • №7 шайлоо округу – 30,07%;
  • №8 шайлоо округу – 35,17%;
  • №9 шайлоо округу – 29,53%;
  • №10 шайлоо округу – 39,04%;
  • №11 шайлоо округу – 23,14%;
  • №12 шайлоо округу – 31,72%;
  • №13 шайлоо округу – 40,43%;
  • №14 шайлоо округу – 30,52%;
  • №15 шайлоо округу – 35,58%;
  • №16 шайлоо округу – 35,46%;
  • №17 шайлоо округу – 27,56%;
  • №18 шайлоо округу – 29,79%;
  • №19 шайлоо округу – 25,79%;
  • №20 шайлоо округу – 20,45%;
  • №21 шайлоо округу – 24,6%;
  • №22 шайлоо округу – 25,52%;
  • №23 шайлоо округу – 26,44%;
  • №24 шайлоо округу – 22,08%;
  • №25 шайлоо округу – 27,56%;
  • №26 шайлоо округу – 35,11%;
  • №27 шайлоо округу – 32,02%;
  • №28 шайлоо округу – 29,49%;
  • №29 шайлоо округу – 34,57%;
  • №30 шайлоо округу – 38,81%.

Кыргызстан боюнча 2 миң 492 шайлоо тилкеси саат 8:00дө ачылып, добуш берүү башталган. Мындан тышкары аралыктан добуш берүү үчүн 27 тилке иштеп жатат. Чет өлкөлөрдө 100 тилке бар.

Боршайком билдиргендей, шайлоого жалпы 460 талапкер ат салышууда жана бул жолу 4 294 243 шайлоочу добуш берет. Анын 48,47% эркектер, 51,52% аялдар.

Дагы жүктөңүз

Шерине

XS
SM
MD
LG