Кыргызстанда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өтүүдө. Өлкө боюнча 2492, андан тышкары аралыктан добуш берүү үчүн 27 шайлоо участкасы иштеп жатат. Ошондой эле чет жактарда 100 добушкана ачылды.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров үгүт маалында уюштурулган теледебаттарга айрым талапкерлердин катышпай койгонун жоопкерсиздик деп атады.
Бул тууралуу "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып, алдыда бул багытта иш-чараларды жүргүзүү керектигине токтолду.
"Жергиликтүү бийлик, Борбордук шайлоо комиссиясы, телеканалдар убара тартып уюштуруп жатат. Бул чоң иш. Ага карабай бул иш-чараларга катышпай койгон талапкерлерди өз уятына коёбуз. Мындан тышкары эл менен жолугушууларды уюштурганда да айрым талапкерлер барбай коюшту. Менимче, бул багытта дагы башка иш-чараларды көрүшүбүз керек", - деди Шайназаров.
Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого талапкерлер арасында мамлекеттик телеканалдардын аянтчаларында теледебаттарды уюштурду. Айрым талапкерлер бул берүүгө катышуудан баш тартып, айрым дебаттар жалгыз талапкер менен өтүп же катышуучулар жок болгонуна байланыштуу эфирге чыкпай калган учурлар болду.
30-ноябрда өтүп жаткан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо саат 16:00гө карата 1 млн 73 миң 444 жаран добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди. Мындай көрсөткүч жалпы шайлоочулардын 25% түзөт.
Шайлоо округдары боюнча маалыматтар төмөнкүдөй:
- №1 шайлоо округу – 31,2%;
- №2 шайлоо округу – 27,81%;
- №3 шайлоо округу – 27,52%;
- №4 шайлоо округу – 31,44%;
- №5 шайлоо округу – 21,42%;
- №6 шайлоо округу – 22,64%;
- №7 шайлоо округу – 24,09%;
- №8 шайлоо округу – 27,94%;
- №9 шайлоо округу – 23,02%;
- №10 шайлоо округу – 31,37%;
- №11 шайлоо округу – 18,41%;
- №12 шайлоо округу – 25,12%;
- №13 шайлоо округу – 32,19%;
- №14 шайлоо округу – 25,2%;
- №15 шайлоо округу – 28,88%;
- №16 шайлоо округу – 29,05%;
- №17 шайлоо округу – 22,05%;
- №18 шайлоо округу – 24,13%;
- №19 шайлоо округу – 20,8%;
- №20 шайлоо округу – 16,37%;
- №21 шайлоо округу – 19,71%;
- №22 шайлоо округу – 20,35%;
- №23 шайлоо округу – 21,23%;
- №24 шайлоо округу – 17,82%;
- №25 шайлоо округу – 22,06%;
- №26 шайлоо округу – 28,25%;
- №27 шайлоо округу – 25,68%;
- №28 шайлоо округу – 23,59%;
- №29 шайлоо округу – 28,72%;
- №30 шайлоо округу – 32,07%.
Саат 15:00гө карата маалыматта жалпы шайлоочулардын 22% пайызы (944 миң 674 жаран) добуш берүүгө катышкан.
Шерине