Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:58

Гонконгдогу өрттүн курмандыктары 55ке жетти, жүздөгөн киши дайынсыз


Гонконг, 27-ноябрь, 2025-жыл.
Гонконг, 27-ноябрь, 2025-жыл.

Гонконгдун түндүгүндөгү Wang Fuk Court турак жай комплексиндеги өрттө каза болгондор акыркы маалымат боюнча 55ке жетти, жүздөгөн киши дайынсыз.

51 киши окуя болгон жерде каза тапкан, төртөө ооруканада көз жумганын Гонконгдун өрт кызматы кабарлады. Каза болгондордун бири өрт өчүрүүчү. Кеминде 123 киши ар кандай жараат алды, алардын сегизи куткаруучулар.

Жергиликтүү бийлик өрткө байланыштуу комплексти салган курулуш компаниясынын үч өкүлү кармалганын кабарлады.

26-ноябрда 30 кабаттан турган турак жайлар комплексинде өрт чыгып, жалпы жети имаратка жайылган. Бийлик болжол менен 700 тургун коопсуз жайларга эвакуацияланганын билдирген. Тилсиз жоону өчүрүүгө 100дөй өрт өчүрүүчү машине, 700дөй куткаруучу жана медкызматкер, 60тай "Тез жардам" автоунаасы тартылган.

Комплексте эки миң батир бар, болжол менен 4800 киши жашайт.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG