Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:04

ЖККУнун Бишкек саммити: Уюмдун келечеги, жаңы баш катчы


Александр Лукашенко, Касым-Жомарт Токаев, Садыр Жапаров, Владимир Путин жана Эмомали Рахмон. Бишкек. ЖККУ саммити. 2025-жылдын 27-ноябры.
Александр Лукашенко, Касым-Жомарт Токаев, Садыр Жапаров, Владимир Путин жана Эмомали Рахмон. Бишкек. ЖККУ саммити. 2025-жылдын 27-ноябры.

мазмуну

  • ЖККУнун Бишкек саммитинде ондон ашык документке кол коюлуп, 2026-жылы Орусияда кезектеги жыйын өтөрү макулдашылды.
  • Армения саммитке катышпай, уюмга мүчөлүгүн токтотуу ниетин билдирген, бирок расмий чыгуу чечимин кабыл алган эмес.
  • Кыргызстандык Таалатбек Масадыков ЖККУнун баш катчысы болуп дайындалып, 2026-жылдын 1-январынан тартып ишке киришет.

27-ноябрда Бишкекте Жамааттык коопсуздук кызматташтык келишим уюмунун (ЖККУ) саммити өттү. Жаңы жылдан тартып уюмдун башкы катчылыгына Кыргызстандын өкүлү Таалатбек Масадыков дайындалды. Армения ЖККУнун саммитине бул сапар дагы катышкан жок.

Бирок Орусия Ереван макулдашылган документтерди кабыл алуудан баш тартпасын билдирди. Армения азырынча буга жооп бере элек.

ЖККУнун келечеги кандай?

27-ноябрда Бишкекте президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйыны өттү. Президент ЖККУ алкагында аскердик кызматташтык тууралуу сөз кылып, 2025-жылы Кыргызстанда “Чек”, “Бузулгус боордоштук” жана “Эшелон” сыяктуу ири машыгуулар өткөрүлгөнүн белгиледи.

Ошондой эле уюмга мүчө мамлекеттердин тиешелүү органдары маалыматтык-коммуникациялык технологияларды террордук жана экстремисттик максатта пайдаланууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча ыкчам иш-аракеттерди көргөнүн айтты.

Саммитке Орусиянын президенти Владимир Путин, Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын өлкө жетекчиси Эмомали Рахмон жана Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко катышты.

ЖККУга төрагалык кылуу Орусияга өттү. Өлкө лидерлери Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын 2026-жылдын 11-ноябрында Орусияда өткөрүүнү макулдашты. Андан тышкары уюмдун башкы катчысы болуп Кыргызстандын өкүлү Таалатбек Масадыков дайындалды. Ал 2026-жылдын 1-январынан тартып иштеп баштайт.

ЖККУнун Бишкек саммитинде уюмдун жамааттык коргонуу механизмдерин бекемдөө, мүчө-мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү жана аскердик-саясий чөйрөдөгү кызматташтыкка байланыштуу ондон ашык документке кол коюлду.

Эксперттик чөйрөдө уюмдун келечеги кандай болот деген суроо дагы талкууланып келет.

Армения бул жолу дагы саммитке катышкан жок. Еревандын Бишкек саммитине катышпасын, бирок макулдашылган документтерди кабыл алуудан баш тартпай турганын Орусиянын ТАСС агенттиги иш-чараны утурлай жазган.

Армения 2023-жылдын башында уюмдун аскердик машыгууларын өткөрүүдөн баш тарткан. 2024-жылы февралда премьер-министри Никол Пашинян өлкөсү бул уюмга мүчөлүгүн токтотуп койгонун билдирген.

Расмий Ереван ЖККУга 2022-жылы Азербайжан талаштуу Тоолуу Карабак аймагын көзөмөлүнө алганда жана эки өлкө ортосунда чек ара чырында жардамга келбегенине нааразылыгын бир канча жолу билдирген.

Армения ошондон бери уюмга мүчөлүк акыны төлөбөй келет, ошол эле маалда ЖККУдан биротоло чыгып кеткенин дагы расмий жарыялаган эмес.

Уюмдагы башка мүчө өлкөлөрдү да оппозициячыл маанайдагы саясатчылар, жарандык активисттер андан чыгууга чакырган учурлар бар. Мисалы, Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын чечиминен соң Тажикстандын чет өлкөлөрдө жашаган жарандарынан түзүлгөн оппозициялык "Улуттук альянс" бирикмеси Дүйшөмбүнү Жамааттык коопсуздук келишим уюмундагы жана Орусиянын таасириндеги башка да уюмдарга мүчөлүгүн кайрадан карап чыгууга чакырган. Альянс буга Москва Борбор Азия өлкөлөрүнүн эгемендигин сыйлабайт деген жүйө келтирген.

Ага чейин Казакстанда Январь окуялары учурунда ЖККУнун контингенти киргизилгенден кийин активисттер менен айрым саясатчылар өлкө бийлигин альянстан жана Евразия экономикалык биримдигинен чыгууга чакырышкан.

2021-2022-жылдардагы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштардан кийин кыргыз бийлиги дагы анын айрым машыгууларына катышпай койгон.

Орусиялык кремлчил серепчилер буга карабай ЖККУда акыркы жылдары кыйла өсүш болгонун белгилешет. Орусиянын Илимдер академиясынын Кытай жана азыркы Азия институтунун директору Кирилл Бабаев уюм Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) жана Күнкорсуз мамлекеттер шериктештиги (КМШ) менен мамилесин өнүктүргөнүн белгилөөдө. Ал буга быйыл 3-сентябрда Бээжинде үч уюмдун төрагалары кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Жол картасына кол койгонун далил тартууда.

Бабаев ошондой эле Имангали Тасмагамбетов башкы катчы болуп турган ЖККУ Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын чечүүдө да чоң иш аткарганын, бул үчүн ал Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдон "Достук" орденин алганын да белгилеген. Ал ошол эле учурда Украинада согуш башталгандан кийинки шартта уюмдун жетекчилиги алдында бир катар милдеттер жана тапшырмалар, анын ичинде Евразия мейкиндигинде НАТОго тең салмактуу атаандаш түзүм түзүү, уюмга мүчө өлкөлөрдө Казакстандагы Январь окуяларындай кырдаал түзүлүүсүнө жол бербөө милдети турганын жазган.

Коопсуздук боюнча эксперт Орозбек Молдалиев ЖККУ НАТОго теңдеше алчу түзүм болот деген куру кыял деп эсептейт:

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

"Бул уюмдун "таасирдүү болобуз, НАТОго теңдешебиз" дегени Кремлдин куру кыялы. НАТОго мүчө өлкөлөрдүн экономикалык, аскердик потенциалын карагыла да, ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн ушундай мүмкүнчүлүктөрүн карагыла. НАТОго мүчө болууну эңсеген мамлекеттер көп, бирок ЖККУга, КМШга кирели деген өлкөлөрдү уга элекмин. 1999-жылы Кыргызстанга өзүн "Өзбекстан ислам кыймылы" деп атаган террорчулар кирип келген. Ошондо да биз ЖККУдан кечигип, араң жардам алганбыз. 2010-жылкы Ош окуясында ал кездеги президенттин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева уюмдун ошол учурдагы башкы катчысы Дмитрий Медведевден "бир тик учак жана бронетранспортер бере тургулачы" деген өтүнүчүн канааттандырган эмес. 2-3 жыл мурун кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал кезинде ЖККУнун Коопсуздук кеңештеринин катчылары Дүйшөмбү шаарында жыйын өткөрүп жатышкан, Орусиянын коргоо министри да бар болчу. Бирок бирөө арага түшүүгө жараган эмес. Мындай таарынычтар, айта берсе, көп. Армения дагы ушундай жүйө менен уюмга мүчөлүгүн токтоттук деп койду. Уюмдун максаты жакшы, бирок түзүлгөн келишимдер аткарылбай, кагаз жүзүндө калып жатат".

Орозбек Молдалиев мындай теңсиз мамиле Орусиянын таасиринде турган башка уюмдарда да бардыгын айтып, ЕАЭБдин курамында болгонуна карабай Кыргызстандын товарлары Казакстандын, Орусиянын чек араларында турганын мисал келтирди.

Саясат талдоочу Эмил Жороев да ЖККУ алсызданып баратат деген пикирде:

Эмил Жороев
Эмил Жороев

"ЖККУ Орусиянын бийлик башына Владимир Путин президент болуп келгенден тарта күчтөнүп, НАТОго атаандаш, ага тең келе турган коопсуздук түзүм катары каралган эле. Бирок ал ишке ашкан жок. Буга бир катар себептер бар, анын негизгиси - бир тараптуу Орусиянын үстөмдүк кылган, анын кызыкчылыгын арттырган, караган уюмга айланып калды. Орусиянын Украинадагы согушуна ЖККУнун катышы жок, ага мүчө мамлекеттер: Казакстан, Кыргызстан, Тажикстандын ал согушка катышуу кызыкчылыгы да жок. Беларус менен Орусиянын эки тараптуу мамилеси бар. Армения де факто уюмга мүчө болбой калды. Андыктан ЖККУ күчтөнмөк турсун, тескерисинче, кичирейип, алсыз болуп баратат. Буга Орусиянын Украинадагы согушу, коргонуу эмес, кол салуу согушу болгондуктан, бул, албетте, Орусия менен үзөңгүлөш, союздаш, бир уюмдун мүчөлөрү болгон мамлекеттер үчүн эң ыңгайсыз учур деп билсе болот".

Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов ЖККУнун миссиясы ага мүчө өлкөлөрдүн коопсуздугун коргоого багытталганын баса белгилеп, уюмду НАТОго теңөөгө болбосун айтууда:

Марат Иманкулов
Марат Иманкулов

"ЖККУнун негизги максаты - коргонуу. Уюмга мүчө өлкөлөрдүн коопсуздугун камсыздоо. Тышкы баскынчылардан болобу, мамлекеттер тобунун баскынчылыгы болобу, эл аралык террордук-экстремисттик уюмдардын иш-аракетинен болобу, жалпы коркунучтардан биргелешип коргонуу максатында түзүлгөн. Келишимде да так ушундай жазылган. ЖККУ коркунучтуу чакырыктарга даяр, жөндөмдүү уюм болушу керек. Ошондуктан жыл сайын уюмдун алкагында шарттуу машыгуулар өткөрүлүп жатат, ага тартылуучу күчтөр акырындап даярдалат. Ал эми уюмду НАТО менен салыштырып же ага каршылаш коюунун кереги жок. НАТО 1949-жылы, социалдык блок менен Батыш экиге бөлүнүп, "кансыз согуш" жүрүп турган учурда түзүлгөн уюм. ЖККУ менен НАТО тирешип турат деп айтууга такыр мүмкүн эмес. Минтип айтуудан алыс болуу керек".

ЖККУ 1992-жылы Ташкенттеги отурумда негизделген. Башында курамына кирген Өзбекстан кийинчерээк уюмдан биротоло чыгып кеткен. Учурда Арменияны кошкондо анын курамында Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Орусия жана Беларус бар.

ЖККУда жаңы башкы катчы. Таалатбек Масадыков ким?

Таалатбек Масадыков
Таалатбек Масадыков

Таалатбек Масадыков ЖККУга башкы катчы болгону тууралуу Орусия президенти Владимир Путиндин кеңешчиси Юрий Ушаков 24-ноябрда Москвада журналисттер үчүн уюштурулган брифингде билдирген. Масадыков буга чейин аталган уюмда башкы катчынын орун басары болуп иштеп жаткан. 2023-жылы башкы катчылыкка келген Казакстандын өкүлү Имангали Тасмагамбетовдун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктады. Уюмдун уставына ылайык, башкы катчы үч жылдык мөөнөткө дайындалат.

ЖККУга башкы катчылык кылуу озуйпасы Кыргызстанга алгачкы ирет тийип отурат. Буга чейинки башкы катчылар негизинен Орусиядан болуп келип, акыркы үч жылда Казакстандан дайындалган эле дейт коопсуздук боюнча эксперт Орозбек Молдалиев. Ал жаңы дайындалган баш катчыны эл аралык мамилелер боюнча мыкты адис катары баалады:

"ЖККУга башында Орусиянын гана генералдары баш катчылык кылып келишкен. Биздин мурдагы президентибиз Алмазбек Атамбаев бир жолку жыйында бул маселени көтөрүп, "уюм жалаң Орусиядан гана башкарылышы керекпи?" деген суроо койгон. Ал суроого жооп бере алышкан эмес. Ошондон кийин анан "ротациялык негизде кылалы" дештиби, Казакстандан Тасмагамбетовду башкы катчылыкка дайындашкан. Эми алфавит негизиндеби, Кыргызстандан баш катчы кылып, Таалатбек Масадыков дайындалыптыр. Ал эл аралык мамилелер боюнча мыкты адис".

Эл аралык мамилелер боюнча адис, Бириккен Улуттар Уюмунда (БУУ) Ооганстан, Пакистан, Иран боюнча иштеген 64 жаштагы Таалатбек Масадыков 2014-жылдын аягында мекенине кайтып келген. 2017-жылы президенттик шайлоодо талапкерлигин коюп, кыргыз саясатындагы жаңы ысым катары өзүн тааныштырган эле.

Кийинчерээк саясий-экономикалык темалар боюнча эксперт катары өз пикирин билдирип жүргөн.

Мамлекеттик катчы, мурда Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеген Марат Иманкулов буга чейин Масадыковдун БУУнун башкы катчысынын Ооганстандагы өкүлү катары иштеген тажрыйбасын эске салууда:

"ЖККУнун башкы катчылыгы квота менен ага мүчө мамлекеттердин өкүлдөрүнө берилип келе жатат. Төрагалык кылуу да ушундай тартипте жүрөт. Кыргызстан уюмга 2025-жылы төрагалык кылды. Ал эми Башкы катчылык 2026-жылдан жаңыланып, үч жылга созулат. Таалатбек Масадыков башкы катчылыкка татыктуу адис, билимдүү, бир нече чет тилдерин билет, БУУнун башкы катчысынын Ооганстандагы өкүлү болуп иштеген, эл аралык тажрыйбасы мол адам. Кыргызстанда Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары болуп турду. Кийинчерээк ЖККУда башкы катчынын орун басары болуп иштеди. Башкы катчылыктын ишин жакшы өздөштүрдү, тажрыйба топтоду. Эми башкы катчы болуп татыктуу иштеп бере алат деп ишенем".

Масадыков 1961-жылы Чүй облусунун Беш-Күңгөй айылында төрөлгөн. 1984-жылы Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтун бүтүргөн, эл аралык байланыштар боюнча адис. 1984-1986-жылдары Москвада СССР Коргоо министрлигине караштуу аскердик институтта окутуучу болгон. Москва мамлекеттик университетинин алдындагы Азия жана Африка өлкөлөрү институтунда кандидаттык диссертациясын жактаган. 1987-жылы Ооганстанда котормочу, уруулар маселеси боюнча адис болуп эмгектенген.

1992-1994-жылдары ишкердик менен алектене баштаган. Кыргызстанга кайтып келип, мамлекеттик кызматта иштейт. Чет элдик инвестицияларды жана экономикалык жардамдашуу боюнча мамлекеттик комитеттин директорунун орун басары болуп иштеп, андан соң Кыргызстандын эл аралык университетине которулат. Ошол эле учурда Борбор Азиядагы Америка университетинде лекция окуйт.

2000-жылы Лондондогу экономика жана саясий илимдер мектебине тапшырып, билим алат. Эки жылдан кийин ал Улуттар Уюмунун Саясий маселелер боюнча департаментине чакырылган. Андан кийинки 13 жыл бою Ооганстан, Пакистан, Иран боюнча иштеп, 2014-жылдын аягында мекенине кайтып келген.


  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG