Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:16

Италияда фемицидге айыпталгандар өмүр бою эркинен ажыратылат


Италияда мыйзам кабыл алынып жатканда Римдин борборунда  "No Violence, Only Love” (Зомбулукка жол жок, бир гана сүйүү") деген акция өттү.
Италияда мыйзам кабыл алынып жатканда Римдин борборунда "No Violence, Only Love” (Зомбулукка жол жок, бир гана сүйүү") деген акция өттү.

Италиянын парламенти 25-ноябрда өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексине "фемицид" (аял өлтүрүү) түшүнүгүн расмий киргизип, бул кылмышка баргандарды өмүр бою эркинен ажыратууну караган мыйзамды жактырды.

Мыйзам чыгаруучулар Аялдарга каршы зордук-зомбулукту токтотуу күнүндө добуш беришти. Италиянын премьер-министри Жоржа Мелони сунуштаган мыйзамды оппозициядагы депутаттар да колдоду.

Италияда мындай мыйзамдын кабыл алынышына бир катар кыз-келиндердин киши колдуу болушу түрткү берди. Эки жыл мурда 22 жаштагы Жулия Чеккетинди мурдагы жигити мыкаачылык менен өлтүрүшү катуу талкууга түшкөн. Бир катар демонстрациялар өтүп, аялдарга зордук-зомбулук көрсөткөндөргө каршы мыйзамдарды катаалдатуу талабы айтылган.

Документ ошондой эле гендерге негизделген кылмыштарга, маселен, ыдык көрсөтүү, куугунтуктоо, өч алуу максатындагы интимдик сүрөт-видеолорду таратуу сыяктуу кылмыштарга каршы чараларды күчөтөт.

Расмий статистикага ылайык, Италияда 2024-жылы 106 фемицид катталып, алардын 62син өнөктөштөрү же мурунку өнөктөштөрү кылган.

Италиядан мурда Евробиримдикке кирген мамлекеттердин арасынан Кипр, Мальта жана Хорватия фемицидди кылмыш кодексине өзүнчө түшүнүк катары киргизген.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG