Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:18

Кыргыз-тажик чек арасында аткезчилик менен ташылып бараткан мал-жандык аныкталды


Кыргызтан менен Тажикстандын чек арасына зым тартуу иши. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызтан менен Тажикстандын чек арасына зым тартуу иши. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматы Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынан малды мыйзамсыз өткөрүү аракетине бөгөт коюлганын билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, Баткендин Лейлек районунун Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы Чеш-Дөбө жергесинде чек ара сызыгынан болжол менен 1000 метр аралыкта белгисиз беш адамдан турган топ малды мыйзамсыз айдап өтүп жатканы аныкталган.

Чек арачылар аткезчилик жол менен өткөрүлүүгө даярдалган 67 баш ири мүйүздүү мал аныкталып, алынып келгенин билдирди.

Кыргызстанда эт кымбаттап кеткендиктен 21-августта Министрлер кабинети бодо малды жана майда жандыктарды Кыргызстандан сыртка ташып чыгууга убактылуу тыюу салган. (BTo)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG