Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:13

Жапырт кармалгандар: Үч шектүүгө "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси менен айып коюлду


Темирлан Султанбеков, Кадырбек Атамбаев жана Кубанычбек Кадыров. Коллаж.
Темирлан Султанбеков, Кадырбек Атамбаев жана Кубанычбек Кадыров. Коллаж.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) жапырт кармаган 10 адамдын ичинен “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековго, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаевге жана саясатчы, экс-депутат Кубанычбек Кадыровго Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси – “Бийликти күч менен басып алуу” менен айып тагылганы белгилүү болду. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук соту билдирди.

Бул берене менен күнөөлүү деп табылган адам мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.

ИИМ башта саясатчылар жана активисттер кармалганы тууралуу маалымат таратканда Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси - “Массалык башаламандыктар” менен иш ачылганы кабарланган.

22-ноябрдын таңында социалдык тармактарда бир катар саясатчылардын үйү тинтилип, кармалганы тууралуу маалыматтар тараган. Көп өтпөй Ички иштер министрлиги Темирлан Султанбеков массалык башаламандыкка чакырык жасаган деген шек менен милицияга жеткирилгенин билдирип, ал бир бөлмөдө эки адам менен сүйлөшүп отурган видеону жарыялаган. Тасмадан Темирлан Султанбековду, “Социал-демократтар” партиясынын мүчөсү Эрмек Эрматовду жана славян улутундагы дагы бир кишини көрүүгө болот. Үчүнчү адамды ИИМ “белгисиз жаран” катары белгилеп, ал боюнча маалымат берген жок.

Милиция видеодо өлкөдө башаламандык уюштуруу тууралуу сөз болгонун кабарлаган.

ИИМ ушул эле күнү жапырт кармалган адамдарга байланыштуу маалымат таратып, алардын үй-жайын тинтүүдө курал-жарак, ок-дары, гранаталар, байланыш каражаттары, 150 миң доллар, тополоңду каржылоо боюнча документтер жана баңги заттар алынганын маалымдаган. Мекеме шектүүлөргө Жогорку Кеңешке шайлоодон кийин өлкөдө тополоң уюштурууну максат кылган деген айып коюп жатат.

Кармалгандардын арасында Темирлан Султанбеков (1998-жылы туулган С.Т.), Кадырбек Атамбаев (1993-жылы туулган А.К.) жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыровдон (1970-жылы туулган К.К.) тышкары экс-депутат Шайлообек Атазов (1979-жылы туулган А.Ш.), Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жеке жансакчысы Дамир Мусакеев (1984-жылы туулган М.Д.), саясатчы Урмат Барктабасов (1963-жылы туулган А.У.), “Социал-демократтар” партиясынын мүчөсү Эрмек Эрматов (1983-жылы туулган Э.Э.), Турсунбай Шарапов (1986- жылы туулган Ш.Т.) жана аты-жөнү белгисиз дагы эки адам бар. Булардын ичинен баштагы үч кишиден тышкары жети адамга “Массалык башаламандыктар” беренеси менен кине коюлду. Биринчи май райондук соту аларды 2026-жылдын 17-январына чейин камакка алды.

Кармалгандар жана алардын жакындары коюлган айыптарды четке кагышкан. (BTo)


Шерине

 

XS
SM
MD
LG