Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:40

Казакстанда өкмөттү сындаган журналисттердин баракчалары өчүрүлдү


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Казакстанда бийликти жана коррупцияны сындап келген таанымал журналист жана активисттердин Instagram аккаунттары бир күндө өчүрүлдү.

"Азаттыктын" казак кызматы журналисттер Вадим Борейко, Асхат Ниязов жана активист Санжар Бокаевдин баракчаларына бөгөт коюлганын жазды.

Вадим Борейко бийликтин бул кадамын кесиптик ишмердүүлүгү менен байланыштырды. Анын "Гиперборея" долбоору өлкөдөгү саясий процесстер тууралуу сынчыл маектерди жана иликтөөлөрдү жарыялап келет. Борейконун айтымында, анын социалдык тармактагы баракчалары бир нече ирет чабуулга кабылган. ТикТок баракчасы толук өчүрүлсө, Фейсбуктагы баракчасына бөгөт коюлган.

Жергиликтүү бийликти сындаган видеолору менен белгилүү болгон журналист Асхат Ниязов да Instagram аккаунту эскертүүсүз өчүрүлгөнүн айтты.

"Сиздин баракчаңыз жок кылынды” деген билдирүү чыкты. Бир дагы түшүндүрмө жок. Мындайды биринчи көрдүм", - деди ал.

Коррупциялык схемаларды ачыкка чыгарып жүргөн активист Санжар Бокаев аккаунттарын өчүрүү үчүн "ири суммадагы каражат жумшалганын" белгиледи. Анын баракчасында бир миллионго жакын катталуучу болгон.

Өлкөнүн Маданият жана маалымат министрлиги "Азаттыктын" казак кызматынын комментарий алуу өтүнүчүн канааттандырган жок. Meta компаниясы да журналисттердин суроолоруна жооп бере элек.

2022-жылы Казакстанда кабыл алынган жаңы мыйзамга ылайык, ири онлайн платформалар өлкөдө өкүлчүлүк ачып, республиканын мыйзамдарын аткарууга милдеттендирилген. Укук коргоочулар бул мыйзам сөз эркиндигин чектөө аракети деп келишет. Эксперттердин айтымында, ал мыйзам ишке киргенден бери бийликтин социалдык тармактарды тескөөсү күчөдү. (AiA)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG