Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:04

НАТОнун баш катчысы: Украинанын мүчөлүгү бир добуштан жактырылышы керек, андайга жетүү өтө кыйын


Марк Рютте.
Марк Рютте.

НАТОнун баш катчысы Марк Рютте АКШ сунуш кылган Украинадагы согушту токтотуу планы Киев менен Вашингтонду жакындатканын жагымдуу жагдай катары белгилейт. Эркин Европа/Азаттык радиосу менен 24-ноябрда Брюсселде болгон маегинде Рютте 28 жободон турган пландын бир катар бөлүктөрү терең изилдениши керектигине токтолуп, жекшембиде Женевада өткөн АКШ-Украина жолугушуусу "абдан жемиштүү" болгонун айтты.

Бир катар медиа уюмдары жарыялаган планда Украинанын Донецк, Луганск чөлкөмдөрү менен аннексияланган Крым аймагын Орусияга өткөрүп берүү, украин армиясынын санын чектөө өңдүү сунуштар камтылып, айрым эксперттер документти "Кремлдин кыялдар тизмеси" атап ийишкен.

НАТОнун баш катчысы АКШнын планы согушту токтотуу боюнча эки тараптуу диалогду баштоого негиз болуп бериши мүмкүн экенин, эң башкысы тынчтык келишими - Украина күчтүү эгемен мамлекет бойдон калып, ага Орусия келечекте кол салбагыдай шарттарды камтышы керектигине басым жасады.

"1949-жылы Вашингтондо кол коюлган келишимге ылайык, НАТОнун чөйрөсүнө, же Евроатлантикалык аймакка кирген ар бир мамлекет альянска мүчө болууга арыз бере алат. Кабыл алуу маселеси бир добуштан жактырылышы керек. Азырынча Украинаны кабыл алуу маселеси андайга жетүүдөн абдан алыс", - деп комментарийледи Марк Рютте Москва үчүн талылуу маселени.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG