Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:18

Эл аралык уюмдар Казакстанды ооган аялдарын өлкөдөн чыгарбоого чакырды


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

25-ноябрда 30дан ашык эл аралык укук коргоо уюмдары Казакстанда жашап жаткан ооган аялдарын өлкөсүнө кайтарбоону суранган билдирүү таратты. Маалыматта ооган аялдары мекенинде куугунтукка кабылып, өмүрүнө коркунуч жаралары белгиленет.

Билдирүү Казакстандагы Адам укуктарын коргоо бюросунун сайтында жарыяланып, анда казак бийлиги оогандык аялдарга качкын макамын берүүдө "аткарууга мүмкүн болбогон" талаптарды койгондугу айтылат.

Укук коргоочулар белгилегендей, Казакстандын Эмгек жана калкты социалдык коргоо министрлиги качкын макамына өтүнүч бергендерден өлкөсүндө куугунтукка кабылганын тастыктаган расмий документтерди талап кылууда.

"Бийлик талибдердин куугунтуктоосуна далил талап кылууда. Бирок талибдер өз кылмыштары тууралуу эч кандай документ бербейт. Андан тышкары, аларга ким экениңди айтуунун өзү аялдар үчүн түз коркунуч жаратат", - деп жазылат укук коргоочулардын билдирүүсүндө.

Алар министрликти Ооганстандагы аялдарга болгон кооптуу кырдаалды эске алууга чакырышты. Эл аралык уюмдар тараткан маалыматта Ооганстанда талибдер бийликке келгени өзгөчө аялдардын укуктары одоно бузулуп, алардын билим алуусуна, иштөөсүнө тыюу күчөгөнү жана мажбурлап күйөөгө берүү, зомбулук фактылары кескин көбөйгөнү жазылган.

Укук коргоочулар Казакстанда качкын макамын берүү көрсөткүчү өтө төмөн экенин белгилеп, айрым учурларда Казакстандын расмий органдары ооган качкындары тууралуу жеке маалыматтарды талиб өкмөтүнө берип келген учурлар катталганын айтат.

Укук коргоочулар ооган аялдарына качкын макамын берип, эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте коопсуз гуманитардык чечим табууга чакырышты.

Эл аралык уюмдардын маалыматы боюнча, Казакстанда учурда 1500дөй ооган жараны бар, алардын жарымы аялдар жана балдар. 2024-жылы берилген 383 арыздын болгону 11и гана канааттандырылган.

Бул билдирүүгө Казакстандын өкмөтүнөн реакция боло элек.

Буга чейин "Азаттыктын" казак кызматы Казакстандан качкын макамын ала албай, укук коргоочулардын жардамы менен Европага качып кеткен ооган аял тууралуу жазган. (AiA)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG