23-ноябрда Украинадагы согушта каза болгон эки тажикстандыктын сөөгү мекенине жеткирилди. Бул тууралуу "Азаттыктын" тажик кызматы жазды.
"Озоди" Ростов-на-Дону шаарынан Сабзали Рахмонов жана Шарофиддин Саидовдун табыттары алып келинип, жакындарына тапшырылганын жазды.
Алардын тажиясынан тартылган видеолор тажик сегментинде тараган. Тасмаларда эки адам тең Украинадагы согушта каза тапканы айтылат.
Тажикстандыктар кантип жана кандай шартта Украинадагы согушка барганы белгисиз. Алардын өлгөн күнү тууралуу да маалымат айтылган эмес.
"Озоди" Украинадагы согушта өлгөнү тууралуу маалымат тараган тажикстандыктардын көбүнүн туугандары "балдарын алдап же күч менен согушка алып кетишкенин" айтышарын эске салды.
Тажикстандын бийлиги буга чейин Орусиянын түрмөлөрүнөн жүздөй тажик жараны согушка жөнөтүлгөнүн ырастаган.
Украинанын мамлекеттик "Хочу жить" долбоору акыркы айларда Орусия тараптан жалданып, согушка катышкан делген үч миңге жакын тажикстандыктын ысымын жарыялаган. Алардын бир бөлүгү Украинадагы согушта набыт болгон же дайынсыз жоголгон деп көрсөтүлгөн.
Тажикстандын мыйзамдары чет өлкөдөгү согуштарга катышкандарды 10 жылдан 15 жылган чейин эркинен ажыратуу чарасын караганы менен согуш башталгандан бери коңшу өлкөдө бул берене боюнча кимдир бирөө соттолгону тууралуу маалымат жок.
2022-жылы Украинада согуш башталгандан бери орус тарапта жүргөн же набыт болгон Борбор Азиялыктардын так саны азырынча белгисиз. Украин бийлигинин “Хочу жить” долбоору согушка жалданып барган делген 800дөн ашуун кыргызстандыктын аты-жөнүн жарыялаган тизмеде алардын 181и набыт болгону көрсөтүлгөн. Долбоордун маалыматына караганда, согушта Орусия тараптан 270 казакстандык жана 481 өзбекстандык жоокер набыт болгон. Мындай маалыматты, адатта, бул өлкөлөрдүн расмий органдары же бийлиги ачык жарыялап же тастыктабайт. (AiA)
Шерине