Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:46

Кеминдеги Долпран алтын кенин казган кытайлык компаниянын башчысы кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Чүй облусуна караштуу Кемин районундагы Долпран алтын кенин иштеткен кытайлык компаниянын башчысы ири өлчөмдөгү зыян келтирүүгө шек саналып кармалганын билдирди. Бул кенге байланыштуу атайын комиссия түзүлгөнүн, бир катар мыйзам бузуу фактылары болгонун маалымдады:

"Долпран” кенин жеринде текшерүү учурунда экологиялык мыйзам бузуулар аныкталган: 14 398,6 м2 жер бети талкаланган, техникалык долбоор аткарылган эмес, жер бузулган, лицензиялык келишимдин шарттары аткарылган эмес, резервдер комиссиясына жалган маалыматтар берилген жана "Жер казынасы жөнүндө" мыйзамдын талаптары бузулган, ошондой эле "Кооптуу өнөр жай объектилеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" мыйзамынын жана "Ачык карьердик казып алуунун өндүрүш процесстеринин коопсуздугу эрежелеринин" бузулуусу аныкталган. Мындан сырткары, экологиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, Долпран кенинин ишмердүүлүгү өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген. Тергөө жана ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы менен 2025-жылдын 20-ноябрында Т.Д. аттуу алтын казган компаниянын башкы директору, кытай жараны кармалып, Бишкек шаарынын Октябрь сотунун чечими менен УКМКнын тергөө абагына киргизилди", - деп жазылган маалыматта.

Аталган компания буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Өткөн айда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Долпран алтын кенине берилген лицензия жана кенди иштетүү маселеси текшерилерин билдиргенн. Ал муну Кемин районунун Кайыңды айылынын тургундары менен жолугушуу учурунда айткан.

“Кен байлыктарды бардык эле жерде иштетип жатабыз. Бирок аны экологияга, элге зыяны тийбей тургандай, эл пайда көргөндөй иштетсе болот. Мен бардыгын текшерип чыгайын. Мыйзамдын баарына туура келсе, экологияга, жашап аткан элге зыяны тийбесе, кенден мамлекет пайда ала турган болсо гана уруксат беребиз. Жөндөн-жөн эч ким казып кете албайт”, – деген Камчыбек Ташиев.

Буга чейин жергиликтүүлөр Долпран кенин иштетүүгө кытайлык “Кемин ресурс групп” ишканасына лицензия берилгенин, бирок алтын өндүрүлүп баштаса жаратылышка зыян келтирилет деп кооптонуп жатышканын айтып чыгышкан.

Жашоочулар 394 гектар жерди иштетүү боюнча кытайлык компанияга 2043-жылга чейин лицензия берилгенин, кенден алтындан тышкары башка да баалуу металлдар чыгарын кошумчалашты. Айрым маалыматтарга караганда, Долпранда 15 тоннадай алтындын кору бар.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG