Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:02

Министрлик Чечейбаевдин дарыканаларды азайтуу тууралуу айтканына түшүндүрмө берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттыкты сактоо министрлиги аталган мекеменин башчысы Эркин Чечейбаевдин өлкөдө дарыканалардын санын азайтуу керектиги тууралуу айткандарына түшүндүрмө берди. Анда министр мындай пикирин жарандардын коопсуздугуна көңүл буруп, алардын өз алдынча дарылануусуна каршы күрөшүүнүн алкагында билдиргенин, анын сөзү туура эмес чечмеленип калганын маалымдады.

"Бир катар басылмаларда министрдин айткандары контексттен тышкары интерпретацияланган. Маекте максат катары же инструмент катары дарыканаларды жабуу жөнүндө сөз болгон эмес. Анда изилдөөлөр жана эл аралык тажрыйба тастыктаган олуттуу маселе талкууланган. Жарандардын дары-дармекке байланыштуу чыгымдарынын жогору болушу, өз алдынча дарылануунун кеңири жайылышы жана антибиотиктерди дарыгердин кеңешисиз эле эркин колдонуусу белгиленген. Министр дары-дармек жүгүртүүнү жөнгө салуунун заманбап ыкмаларын иштеп чыгуунун маанисин баса белгилеген", - деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында Чечейбаев "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде кыргызстандыктар дары-дармекке көп каражат короторун, дарыканалардын санын азайтуу, дары-дармектерди жарнамалалоону токтотуу керектигин билдирген.

"Тилекке каршы, кыргызстандыктар өтө көп дары колдонот. Себеби, биз дары менен камсыздоону толугу менен жеке рынокко берип койгонбуз. Жеке сектордун максаты - киреше табуу. Канчалык көп аптека болсо, ошончолук сатуу көп болот. Демек, бейтаптар ошончо көп дары ичет. Муну токтотушубуз керек. Дарыканалардын санын кыскартып, дары-дармекти жарнамалоого тыюу салышыбыз зарыл. Кантип тамеки жана спирт ичимдиктерин жарнамалоого тыюу салсак, дал ошондой эле чараны дарыларга да колдонушубуз керек. Диагноз коюп, дарыны жазып берүү укугу дарыгерге гана таандык болушу керек. Жарнаманын таасиринен улам жарандар өз алдынча туура эмес дары колдонуп, ден соолугуна олуттуу зыян келтирүүдө", - деген министр.

Чечейбаевдин мындай пикиринен кийин айрыкча социалдык тармакта аны сындаган пикирлер арбын жазыла баштаган.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG