Нарын дарыясына түшүп кеткен жаранды 123 адам издеп жатат.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, 23-ноябрда издөө ишине ӨКМдин 23 куткаруучусу, ИИМдин 12, Токтогул ГЭСинин 20, Камбар-Ата ГЭСинин сегиз кызматкери, жергиликтүү 60 тургун тартылган. Суудан издөө үчүн 10 кайык, бир эхолот жана суу астында издөөчү бир робот колдонулууда.
20-ноябрда түнү Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынан 1972-жылы туулган У.Э. аттуу эркек киши Нарын дарыясына түшүп кеткен бойдон дайынсыз болууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматында былтыр алты айда 46 киши сууга чөккөн. Алардын тогузу Ысык-Көлдө катталган. 2023-жылы Кыргызстанда 95 адам сууга агып же чөгүп каза болгон, анын ичинен 36сы балдар. (ST)
Шерине