Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:40

Өкмөт көмүрдүн кору былтыркыга караганда жетиштүү экенин билдирди


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстанда учурда көмүр саткан 720 база иштеп жатат, анын 144ү “Кыргызкөмүр” ишканасы уюштурган социалдык база. Отундун негизги бөлүгүн Кара-Кече кенинен алуу каралган.

Кыргыз өкмөтүнүн сайтындагы маалыматта, 2025-2026-жылдын күз-кыш айлары үчүн 3 174,792 миң тонна көмүр камдалары жазылган. Анын 309,415 миң тоннасы бюджеттик мекемелерге, 1 465,377 миң тоннасы калктын керектөөсү үчүн жумшалат.

Учурда бюджеттик мекемелер 203,54 миң, калк үчүн 994,69 миң тонна көмүр даярдалган.

Бишкек ЖЭБине жалпы 1 400,0 миң тонна көмүр керектелет, ишкананын кампасында учурда 280 миң тонна көмүр жана 4,2 миң тонна мазут бар.

"Көмүрдүн кору былтыркыга салыштырмалуу быйыл көп, өткөн жылы бул убакытта кампада 242 миң тонна көмүр болгон", - деп айтылат маалыматта.

Ош шаарынын ЖЭБине жалпы 23,0 миң тонна мазут керектелсе, анын 20,8 миң тоннасы камсыздалды, былтыр бул көрсөткүч 12,9 миң тоннаны түзгөн.

Өткөн жылдары кыш түшкөндө көмүр тартыш болуп, баасы кымбаттап кеткен учурлар катталган.

Быйыл октябрь айында "Кыргыз көмүр" борбор калаада бир тонна көмүрдүн баасы 5800 сомду түзөрүн билдирген. Ноябрдын башында Ош облусунда көмүрдүн бир тоннасы 8 миң сомдон 11 миң сомго чейинки баада сатылып жатканы маалым болгон.

Июнь айында Министрлер кабинети көмүрдү автоунаа менен Кыргызстандын аймагынан сыртка ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салууну узартуу жөнүндө токтом кабыл алган.

Кыргызстандын аймагында болжол менен 6,4 млрд. тоннадан ашуун кору бар 70 көмүр кени жайгашкан. Анын ичинде Сүлүктү, Кызыл-Кыя, Шураб, Алмалык жана Кавак кендеринде 5,2 млрд тонна, Көк-Жаңгак, Таш-Көмүр жана Тегене кендеринде 1,08 млрд тонна, Туюк-Каргаша кенинде 119,6 млн тонна, Кара-Кечеде 400 млн тоннадай көмүр бар. (ST)


Шерине

 

XS
SM
MD
LG