Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:27

Ноокат районунун акими болуп Данияр Шейшеканов дайындалды


Данияр Шейшеканов
Данияр Шейшеканов

Ош облусунун Ноокат районунун акими болуп Данияр Шейшеканов дайындалды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 43 жаштагы Шейшеканов буга чейин Президенттик администрациянын сот жана прокуратура органдары менен иштөө секторунун башчысы болуп эмгектенген. Ага чейин узак жылдар өкмөт жана президенттик аппаратта, Курулуш жана архитектура агенттигинде иштеген.

Ноокат районунун буга чейинки акими Эмил Чакибаев октябрь айында коррупцияга шектелип кармалып, кызматтан бошотулган. Милиция аны Бишкектин жанындагы Көк-Жар айыл аймагынын башчысы болуп иштеп турганда жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга катышы болгон деп шектелип жатканын кабарлаган.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG