Атамбаев менен Жапаровдун кайым айтышы күчөдү
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун кайым айтышуусу күчөдү. Жапаров Атамбаевди энергетикадагы коррупция үчүн айыптаса, Атамбаев бул ирет президентти “сөз эркиндигин чектеди” деп сындап, бир топ дооматтарды койду. Чүйдө Кыргызстан менен Кытай жарандарынын мушташы өлкөдө жүргөн кытайлыктарга каршы маанайды күчөттү. Бийлик жарандарды чагымга алдырбоого чакырууда. Украинанын Харьков облусундагы Балаклея шаарынын борборуна жасалган ракеталык сокку бир нече адамдын өмүрүн алды. Жараат алгандардын арасында балдар бар.
Чыгарылыштар
-
Декабрь 02, 2025Украина: Покровск үчүн кармаш күчөдү
-
Декабрь 01, 2025Шайлоо - 2025: Талапкер Абакиров айткан 460 миң сомдун изи кайда?
-
Ноябрь 30, 2025Шайлоо-2025: Элдин күткөнү эмне?
-
Ноябрь 28, 2025"Таза аба издесең айылга бар". Бишкек ыштан арылабы?
-
Ноябрь 27, 2025Лукашенко кыргыз бийлиги менен Бакиев тууралуу сүйлөшөбү?
-
Ноябрь 26, 2025Украина: Майданда кырдаал оор, сүйлөшүүлөр уланууда
Шерине