Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:42

Жапаров ушул күнгө чейин майнинг компанияларынан 22 млн сом салык түшкөнүн билдирди


Кеминдеги майнинг ферманын үстүдөн көрүнүшү
Кеминдеги майнинг ферманын үстүдөн көрүнүшү

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда эки майнинг ферма бар экенин жана алар бүгүнкү күнгө чейин мамлекетке 22 миллион сом салык төккөнүн “Кабар” агенттигине курган маегинде билдирди.

Жапаровдун айтымында, Кеминдеги “Соларкоин” майнинг фермасы 2023-жылдан бери иштейт жана электр энергиясын Орусиядан импорттойт. Казакстан менен чек арадагы “Фрунзе” станциясынан баштап Кеминге чейинки транзит үчүн бүгүнкүгө чейин 172 миллион сом төккөн.

Ал эми Камбар-Атадагы экинчи майнинг ферманы мамлекет өзү суранып курдурганын, ал ГЭСтен чыккан электр линияларын жана трансформаторлорун жаңылоо милдетин алганын белгиледи. Анткени 2009-жылы ГЭС салынганда трансформаторлор менен электр линиялары эски бойдон калганы үчүн жоготуулар көп болгон.

“Бул майнинг мамлекетибиз үчүн болуп көрбөгөндөй пайдалуу иш. Себеби 4-5 жылдан кийин майнинг дагы, жаңы салынган трансформаторлор менен 92 км жаңы линия дагы мамлекеттин менчигине өтөт. Линиялар азыр деле мамлекеттики. Демек бул майнинг кимдир бирөөлөрдүн же министр менен менин кызыкчылыгым үчүн эмес, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн иштеп жатат. Азыр депутаттыкка талапкерлер да майнингдерди айтып чыгып хайп кармай башташты. Иштин түпкү тамырын билбегенден кийин мурдуңарды тыкпагыла деп эскерте кетет элем”,-деди Жапаров.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев коомчулукта “майнинг фермаларга электр энергиясын берип, элге болгон 5 кВт кубаттуулукту 3 кВтка чейин түшүрдү” деген сын-пикирлер айтылып жаткандыктан бардык майнинг фермалардын иши токтотулганын жарыялаган.

Энергетика министрлиги Кыргызстанда криптовалюта чыгара турган эки гана майнинг компания – Кеминдеги “Соларкоин” жана “Камбар-Ата-2” ГЭСиндеги “МБТ Строй” компаниялары менен келишим түзүлгөнүн билдирип келет.

10-ноябрда мурдагы президент, чет жакта жүргөн Алмазбек Атамбаев өлкөдөгү энергетикалык кризис тууралуу Садыр Жапаровдун билдирүүсүнө жооп берип, анын бийлиги тушунда жасалган иштер тууралуу айтып, аларды жокко чыгарууга болбой турганын жазган.

Жапаров 14-ноябрдагы маегинде Атамбаевдин айыптоолоруна жооп берип, аларды четке какты.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG