Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:12

Нью-Делинин туристтик районунда автоунаа жарылып, сегиз киши каза болду


Соттук-медициналык эксперттик топтун мүчөсү Индиянын Нью-Дели шаарынын эски кварталындагы тарыхый жайдын жанындагы жарылуу болгон жерде иштеп жатат. 2025-жылдын 11-ноябры. REUTERS
Соттук-медициналык эксперттик топтун мүчөсү Индиянын Нью-Дели шаарынын эски кварталындагы тарыхый жайдын жанындагы жарылуу болгон жерде иштеп жатат. 2025-жылдын 11-ноябры. REUTERS

Индиянын борбору Нью-Делидеги туристтик райондо машине жарылып, сегиз кишинин өмүрү кыйылды, кеминде 20 киши жараат алды.

Би-би-си жазгандай, Индиянын полициясы жардыруунун себебин иликтеп жатат.

Hyundai i20 автоунаасы эл көп жүргөн жерде тарыхый чептин жанындагы метро станциясына жакын жердеги жол чырактын алдында жарылган. Андан жакын турган бир нече автоунаа жана авторикша күйүп кеткен.

Лал-Кила чеби 17-кылымда курулган тарыхый жай болуп саналат. Туристтердин кызыгуусун арттырып, эс алуучулар көп барган жайлардын бири.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG