Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:13

Бразилияда БУУнун климат боюнча саммити башталды


Бразилиянын Белем шаарында башталган COP30 климат саммитинде БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш сүйлөп жатат.
Бразилиянын Белем шаарында башталган COP30 климат саммитинде БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш сүйлөп жатат.

Бразилиянын Белем шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) климаттын өзгөрүүсүнө багытталган саммити (COP30) 10-ноябрда башталды.

Бул жолку саммит Париж келишимине кол коюлганына он жыл толгон учурга туш келди. Ага ылайык, дүйнөдөгү 200дөй мамлекет 2100-жылга карата глобалдык температуранын орточо ысышын эң жогору дегенде индустриалдык доорго чейинкиден же 1880-1899-жылдардагы орточо көрсөткүчтөн эки градустан ашырбоого аракет көрүшү керек.

21-ноябрга чейин улана турган жыйынга дээрлик бардык өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышууда. Бирок Кытайдын лидери Си Цзинпин, АКШнын президенти Дональд Трамп, Түркиянын жана Австралиянын жетекчилери саммитке келген жок. Трамптын администрациясынан да өкүл барган эмес.

Ошентсе да АКШ Конгрессинин жана Демократтар партиясынын айрым мүчөлөрү Белемде болору күтүлүүдө.

Бул ирет саммит биринчи жолу Бразилияда, Амазон токоюнун ортосунда жайгашкан Белем калаасында өтүп жатат.

Бул тандоо токойлордун климатты жөнгө салуудагы маанисин белгилейт. Бирок жыйынга даярдануудагы жергиликтүү бийликтин айрым кадамдары сынга кабылды. Маселен, ошол эле жыйынды уюштуруу үчүн токойдогу бактар кыйылган.

COP30да дүйнө өлкөлөрү абага зыяндуу заттардын бөлүнүшүн кыскартуу, энергияны кошумча булактардан алууну өнүктүрүү жана бай мамлекеттердин климаттык каржылоосун көбөйтүү сыяктуу маселелерди талкуулайт.

Кыргызстандын атынан жыйынга Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышууда.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG